Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Евробиримдиктин элчилери «Магнитский актына» окшош санкциялык режимди макулдашты


Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдүн элчилеринин комитети дүйнө жүзүндө адам укуктарын бузууга каршы чектөөлөрдү камтыган санкциялык режимди киргизүүнү макулдашты.

Еврошаркетке кирген 27 өлкөнүн тышкы иштер министрлери бул чечимге кол коюш үчүн кийинки аптада чогулат. Жаңы санкция Адам укуктарынын дүйнөлүк күнү болгон 10-декабрда күчүнө кириши күтүлүүдө.

Европалык жетекчилердин маалыматы боюнча, азырынча жаңы санкция кимдерге салынары боюнча даяр тизме жок. Бирок кийинки жылдын январь айынан баштап тизме түзүлүшү мүмкүн.

Санкция салынган адамдардын финансылык активдерине, виза берүүгө тыюу салынат.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосуна келип түшкөн документтерге ылайык, жаңы санкция адамзатка каршы кылмыш кылган, геноцид, кыйноо, кулчулук, куугунтук уюштурду деп айыпталгандарга жарыяланат.

Чектөө адам сатуу, жыныстык зомбулук, эркин чогулуу укугун системалуу бузган адамдарга да салынышы мүмкүн.

Бул санкциялык механизм АКШда 2012-жылы кабыл алынган «Магнитский актына» окшош. Башында АКШ орусиялык аткаминерлерге гана санкция киргизүүнү пландаса, кийинчерээк башка өлкөлөрдө адам укуктарын бузгандар да «Магнитский тизмесине» киргизилген.

Британиялык «Hermitage Capital» фондунун юристи Сергей Магнитский 2008-жылы камакка алынган жана ага «салык төлөөдөн качкан» деген айып коюлган. Ал тергөө абагында отурганда 37 жашта каза болгон. Магнитскийдин жактоочулары анын ишин саясий буюртма менен байланыштырып келет. Юрист Орусиянын Ички иштер министрлигинде, Федералдык коопсуздук кызматында мамлекеттик ири каражаттардын уурдалышынын бетин ачкан.

Магнитскийдин өлүмү Батыш мамлекеттеринин жана АКШнын Орусия менен мамилесинин начарлашына алып келген.

XS
SM
MD
LG