Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

Жалал-Абадда акысыз юридикалык жардам көрсөтүлүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарында юстиция башкармалыгынын кызматкерлери элге акысыз юридикалык кеңеш бере баштады.

Анда жарандардын укуктары жана милдеттери, соттук жана соттон тышкары тартипте укуктарды ишке ашыруу жана колдонуу ыкмалары тууралуу маалымат берилип жатат. Укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардам көрсөтүлүүдө.

Акысыз юридикалык жардам алуу үчүн кайрылган жарандар арасында социалдык маселелер, анын ичинде пенсия, жөлөк пул алуу, жер тилкелерин берүү жана документтештирүүгө байланышкан көйгөйлөр менен кайрылгандар көп. Мындан тышкары юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу, мурас жана алимент бөлүштүрүү маселелери да кездешет.

Үч күн аралыгында юридикалык жардам сурап 500дөн ашуун жаран кайрылды.

Элге акысыз юридикалык жардам көрсөтүү декадасы жалпы өлкө аймагында 30-ноябрдан 5-декабрга чейин жүрүп жатат.

Калктын аз камсыз болгон катмарын укуктук жактан коргоону жакшыртуу, маалымат берүү жана алардын укугун коргоо максатында уюштурулган декаданы өткөрүүгө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасы жардам берүүдө.

Акция 10-декабрь – Адам укуктарынын эл аралык күнүн утурлай уюштурулду. 1948-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган.

Акысыз юридикалык жардам берүү иш-чаралары Кыргызстанда жыл сайын уюштурулуп келет. (TB/ZKo)

XS
SM
MD
LG