Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Жээнбеков ачкан паркка байланыштуу иш козголду


«Ынтымак» паркынын ачылыш аземи. 2019-жылдын, 30-августу. Ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов.
«Ынтымак» паркынын ачылыш аземи. 2019-жылдын, 30-августу. Ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов.

Бишкектин «Ынтымак» паркын куруудагы мыйзамсыз аракеттерге байланыштуу кылмыш иши козголду. Сейил бак шаардын мурдагы мэри Азиз Суракматовдун тушунда салынып, тасмасын экс-президент Сооронбай Жээнбеков кескен. Ушундан улам сотко чейинки өндүрүштүн ачылышын саясий өңүт менен байланыштыргандар чыкты. Муну катардагы чарбалык иш дегендер да бар.

Парктан чыккан иш

Борбор калаанын Айтматов проспектиси менен Масалиев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ынтымак» паркына байланыштуу алешемдиктерди Башкы прокуратура аныктады.

Негизги көзөмөл мекемеси курулушка сарпталган 90 млн. сомдон ашык бюджеттик акча каражатынын максаттуу пайдаланылышын текшерүү учурунда бир нече мыйзам бузуу табылганын билдирет.

Башкы прокуратуранын Маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Эрмек Асанов «Азаттыкка» мындай маалыматтарды берди.

«Сейил бактын курулуш иштери Бишкек шаардык мэриясы тарабынан тийиштүү долбоордук-сметалык иш-кагаздары жок жүргүзүлгөн. Ошондой эле инерттүү курулуш материалдарынын, айрым аткарылган иштеринин көлөмү жана баалары негизсиз жогорулатылган. Коомдук объектилердин курулуш иштери, мамлекеттик сатып алуу процедураларын жүргүзбөстөн жана тиешелүү лицензиясы жок жаран менен мыйзамсыз келишим түзүү аркылуу жүргүзүлгөн. Мындан сырткары, белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербеген конкурстун катышуучулары жеңүүчү деп аныкталып, курулуш иштерине керектелчү материалды сатып алуу боюнча негизсиз келишим түзүлүп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген».

"Ынтымак" паркынын ачылышы. 2019-жылдын 30-августу.
"Ынтымак" паркынын ачылышы. 2019-жылдын 30-августу.

Бул фактылар боюнча топтолгон материалдар Жазык кодексинин 234-беренеси («Ачык тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу») жана 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки териштирүү башталды.

Прокуратура азырынча кылмыш ишинде шектүү катары өтүп жаткан аткаминерлердин, жооптуу кызматкерлердин аты-жөнүн атаган жок. Келтирилген чыгымдын көлөмү да тактала элек.

Бишкек шаардык мэриясы бул маселе жөнүндө маалымат берүүдөн карманып турат. Мэриянын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева анын себебин мындайча түшүндүрдү.

«Башкы прокуратура тараптан «Ынтымак» паркына байланыштуу кылмыш ишине байланыштуу териштирүү иши жүрүп жаткандыктан комментарий бере албайбыз. Териштирүү иштери бүткөн соң маалымат болот деп ишенебиз», - деди ал.

«Ынтымак» сейил багынын курулушу былтыр шаарды Азиз Суракматов жетектеп турган учурда жүргөн. Мэрия ошол учурда парктын долбоорун «Бишкекбашархитектура» мекемеси даярдаганын, куруу иштерин «Бишкекжашылдандыруу», «Бишкекасфальтсервис», «Бишкексвет», «Тазалык» муниципалдык ишканалары аткарганын кабарлаган. Анда курулуштун наркы 82 млн. сом деп кабарланган.

Парктын долбоору.
Парктын долбоору.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө айтылган жагдайларга байланыштуу бул мекемелердин да позициясын ала алган жокпуз. Бир гана мэриянын алдындагы «Шаардагы парктар» ишканасынын директору Калича Умуралиева кепке келди.

Умуралиева парктын курулушуна алар аралашпаганын белгилеп, бирок эс алуу багы расмий түрдө пайдаланууга бериле электигин моюнуна алды.

Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

«Бул парк курулуп жатканда биздин «Шаардагы парктар» мекемеси жок болчу, биз былтыр 3-июнда ачылганбыз. Анын курулушу жөнүндө эч нерсе айта албайм. Биз болгону эксплуатация кыла турган гана уюмбуз. «Ынтымак – 1» паркы 2019-жылы августта ачылган, бирок азыркыга чейин эксплуатацияга бериле элек. Андагы объекттер биздин баланска кирген эмес. Биз мындай эле тазалап, бактарды отургузуп, тейлөө кылып жатабыз. Бирок өзүбүзгө ала элекпиз», - деди ал.

Саясий өңүт изделген иш

Арийне, парктын курулушуна капсула 2019-жылдын 23-апрелинде салынган жана ал аземге ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков катышкан. Ошол эле жылдын 30-августунда эс алуу багынын кызыл тасмасын Жээнбеков кесип, аталышын да өзү сунуштаган.

Сооронбай Жээнбеков жана Азиз Суракматов. 2019-жылдын 30-августу.
Сооронбай Жээнбеков жана Азиз Суракматов. 2019-жылдын 30-августу.

«Шаарыбыздагы жашыл саясаттын жоктугу жана куруу иштерине туура мамиле болбогондон улам шаарыбыздын мурунку «жашыл шаар» деген атын жоготуунун алдында туруп калдык. Шаардын көркү эмнеде? Жашыл бактарында, эс алуу жайларында, таза көчөлөрүндө жана кооз имараттарында. Биз мындан ары курулуш саясатына, шаардын эстетикалык көрүнүшүнө астейдил мамиле кылып, саясатты толук өзгөртүшүбүз керек, биздин шаар пландуу түрдө өнүгүшү зарыл. 10-20 жылга 40-50 жылга эмне салынат деген план кабыл алынса, ошол салыныш керек. Тилекке каршы, көп жерлер, парктык зоналар берилип кеткен. Бул дагы берилип кеткен жер. Азыр кудайым колдоп, мэрдин, тиешелүү органдардын аракети менен эс алуу багына айланып жатат. Бул жерге Кыргызстандын булуң-бурчунан мекендештерибиз, ар кандай улуттун өкүлдөрү келет. Бизге азыр эң керек нерсе деп, ойлонуп атып «Ынтымак» багы деп атап койсок деген ойго келдик. Ынтымактын багы болсун!», - деген 30-августта Сооронбай Жээнбеков.

Бишкек шаарынын жетекчилигине 2018-жылы келген Азиз Суракматов бул кызматта эки жылдай отурду. Ал бул аралыкта кадимки милдеттеринен сырткары веложолдорду куруу жана бир нече паркты оңдоп, бир нечесин жаңы ачканы менен эсте калды.

Он гектар аянтты ээлеген «Ынтымак» паркын да ал жүзүнө кармаган негизги иши катары көрсөткөн.

Бирок ошол эле учурда ал курулуштардын сапатына карата сындар да болбой койгон жок. Эми болсо эң ири долбооруна байланыштуу иш ачылып отурат.

Жарандык активист Максим Кулешов кепке кошулду:

«Паркты куруу иштери таза өтпөшү мүмкүн. Себеби, мурдараак айрым иликтөөлөрдө гүлдөрдү сатып алууда жогорку баа менен алышканы көрсөтүлгөн. Мына ушуга окшогон жагдайлар бар деп ойлойм. Алар кичине эмес, ири көлөмдө болсо керек. Ошентсе да экинчи тарапты угуп көрүп баа берүү кажет. Ошол эле учурда муну мурдагы мэрге карата козголгон кылмыш иши катары, аны камакка алуу чарасы катары бааласа болот. Балким мунун артында кайсы бир тараптар келишип жатышы мүмкүн. Кылмыш иштери да кимдир бирөөнү кайсы бир кадамдарга барууга же кызматташууга келүүгө мажбурлоо үчүн да жасалып жатышы ыктымал».

Азиз Суракматов 5-6-октябрдагы окуялардан кийин өлкөдө жарым-жартылай бийлик алмашкан учурда кызматтан кеткен. Ортодо кайра кызматына кайтып келип, 20-октябрда биринчи вице-мэрликке Нариман Түлеевди дайындап, шаарды ага калтырып кеткен.

Бир нече күндүк нааразылыктардан соң, 27-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров мэрдин милдетин аткаруучу кылып Балбак Түлөбаевди койгон.

Сооронбай Жээнбеков, Азиз Суракматов жана Балбак Түлөбаев. Парктын курулушуна капсула салуу учуру. 23-апрель, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков, Азиз Суракматов жана Балбак Түлөбаев. Парктын курулушуна капсула салуу учуру. 23-апрель, 2019-жыл.

Түлөбаев Азиз Суракматовдун тушунда мэрияда аппарат жетекчи болчу жана ал да «Ынтымак» паркынын курулушуна жана ачылышына катышкан. Соңку фактыга байланыштуу Суракматов да, Түлөбаев да үн каткан жок.

Саясий талдоочу Табылды Акеров болсо жагдайды башкача чечмеледи:

Табылды Акеров.
Табылды Акеров.

«Азырынча бул иштин саясий нугу бар деп айтуу бир аз кыйыныраак. Себеби, иш боюнча маалымат коомчулукка жаңыдан эле тарап жатат, деталдары толук билингенден кийин так баа берсе болот. Албетте, 90 млн. сом деген бул чоң сумма, ал тыкыр иликтениши керек. Азиз Суракматов Сооронбай Жээнбековдун тушунда Бишкектин өнүгүүсүнө салым кошкон мэр катары таанылып калган. Ал таза иштейт дегендей бааланып келген. Азыр эми ошол парктын курулушунда, тендеринде мыйзам бузуулар чыкса, бул ага жакшы эле көө жабат. Бизде чоң долбоорлордун баарында эле ушундай кармалган учурлар болуп келет. Башка жагдай, Суракматов мурдараак кызматтан кетип жатып, «парламенттик шайлоого барам» деп айтканын билебиз. Бирок азыр шайлоо белгилене элек. Ошол себептүү муну саясий негиз менен байланыштыра албай жатам. Жээнбековго деле экс-президенттикти беришти, ага деле мындай атайын чабуул жасалганы байкалбайт. Анүстүнө азыркы бийлик Сооронбай Жээнбековго же андан башка күчтөрдүн баарын өзүнө каршы коюп алуудан алыс болсо керек».

Деген менен соңку айда эле башкалаадагы парктарга байланыштуу дагы эки кылмыш иши ачылган.

13-ноябрда, Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын сынак комиссиясынын «Балалык» паркын оңдоп-түзөө боюнча тендерди «Ак-ниет Курулуш» фирмасына берген чечиминен мыйзамсыз жагдайлар аныкталган. Анда аталган жоопкерчилиги чектелген коомдо суу менен камсыздоо, канализация, трансформатор орнотуу, электр менен камсыздоо, электр линияларын тартуу, технология жабдууларын оңдоого байланыштуу лицензия жок болгонуна карабай келишим түзүлгөнү такталган.

Мындан сырткары жумуштарды баалоо актыларын текшерүүдө айрым иштер кымбат аткарылганы такталган. Каржылоо долбоордук-сметалык суммадан 1 043 887 сомго ашып кеткен.

25-ноябрда Октябрь райондук прокуратурасы парк зонасындагы 271 миллион сомдук тилкени кайтарып алуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылган.

Эки фактыны тең Башкы прокуратура Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизип, иликтөөлөрдү баштаган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG