Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:16

Бишкектин парк зонасындагы төрт гектар жер тилкеси талашка түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин түштүк тарабындагы жер тилкеси талашка түштү. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Октябрь райондук прокуратурасы 271 миллион сомдук тилкени кайтарып алуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылды.

Башкы көзөмөл органы билдиргендей, мэрия өз токтому менен 2004-жылы 3,335 гектар жерди фитнес борбор курууга, 2005-жылы анын жанындагы 0,87 гектар жерди «Грейт Дерби» компаниясына көп кабаттуу үй салууга жеке менчикке берген. Кийин жер ээлери эки тилкени бириктирип, жалпы аянты 4,2 гектар болгон тилке 2006-жылы мэриянын токтому менен «Грейт Дерби» компаниясына «Салам» турак жай комплексин курууга менчикке өткөрүлүп берилген.

Башкы прокуратура борбор шаардын башкы планы боюнча шаардын түштүк зонасында парк жана аны тейлөөчү объектилерди куруу каралганын эскертип, текшерүүнүн жыйынтыгында жер тилкесинин наркы 271 миллион сом экени аныкталганын белгиледи.

Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде катталып, териштирүү жүрүп жатат.

Талашка түшкөн жер тилкесинин ээсинен же анын жактоочуларынан азырынча комментарий боло элек. (RK)

XS
SM
MD
LG