Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

Бишкекте «Таза шаар» социалдык акциясы өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эртең, 7-ноябрда Бишкектеги Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакта «Таза шаар» аттуу социалдык акция өтөт. Анын максаты - шаар тургундарынын экологиялык маданиятын калыптандыруу жана коомчулуктун көңүлүн баш калаадагы тазалык маселесине буруу экенин «Азаттыкка» иш-чараны уюштуруп жаткан «Нобилис» уюмунун жетекчиси Чолпон Жапаркулова билдирди:

«Парк зонасынын жашыл аянттары экологиялык чыпканын ролун ойнойт. Зыяндуу заттар топуракка түшүп калбашы үчүн кышка чейин жалбырактарды чогултуп, жок кылыш керек».

Акциянын уюштуруучулары шаардын тазалыгын камсыз кылууга умтулган адамдардын баарын ишемби күнү Ботаникалык бакка чакырып жатышат.

Жыл сайын суук түшүп, имараттарды жылытуу сезону башталганда баш калаанын үстүн көк түтүн каптап каларын экологиялык уюмдар билдирип жүрүшөт. (RK)

XS
SM
MD
LG