Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Кыргызстанда желим баштыктарга тыюу салуу сунушталды


Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Кыргызстандын аймагында полимерден жасалган пакеттерди чектөө жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорду Мирлан Маматалиев, Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан.

Демилгечилер бул долбоор менен бир жолу колдонулчу полимер материалдардан жасалган баштыктарды алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салууну сунуштап жатышат.

”Дүйнөлүк тажрыйба тыюу салынган учурда пластикалык таштандылардын көлөмү кыйла азаярын, натыйжада анын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасири да төмөндөй турганын көрсөттү”, - деди депутат Марлен Маматалиев.

Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим баштык жана идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым, баштык чыгарган жеке ишканалар көп.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкекте күн сайын 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Активисттердин эсебинде, чыгарылган таштандынын 40 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт.

Экологдордун маалыматына караганда, полиэтилен баштыктар жерде 100 жылдан кийин гана чирийт. (NT)

XS
SM
MD
LG