Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Президент Жээнбеков биологиялык ар түрдүүлүк боюнча саммитте видео кайрылуу жасады


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.

Нью-Йоркто өтүп жаткан биологиялык ар түрдүүлүк боюнча саммитте Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун сөзү түз алып берилди. Мамлекет башчы өз кайрылуусунда өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү бөлүгүн экологиялык дипломатия жана «жашыл экономика» ээлегенин айтты:

«Биз - экологиялык таза өндүрүмдүн жана таза энергиянын өлкөсүбүз. Бир жыл мурун Кыргызстан климаттын өзгөрүшү тууралуу Париж макулдашуусун ратификациялады. Биздин өлкө энергиянын салттуу булактарын керектөөнү акырындык менен азайтууну көздөйт,» - деди президент.

Мамлекет башчы ошондой эле Кыргызстан экология чөйрөсүндөгү эл аралык демилгелерди активдүү колдоп, ошол эле учурда өз демилгелерин да сунуш кылып келе жатканын белгилеп, анын ичинде ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык саммит уюштуруу, радиациялык коркунучтун алдын алуу резолюциясын жаңылоо жана Эл аралык тоолор жылын өткөрүү бар экенин айтты. Ошондой эле ал Башкы Ассамблеянын жыйынынын алкагында, Кыргызстан биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча өз резолюциясынын долбоорун сунуш кыла турганын да билдирди. Анын алкагында:

- биологиялык ар түрдүүлүктү жана дени сак экосистемаларды сактоо;

- биотүрдүүлүк чөйрөсүндө чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү;

- туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн «жашыл экономиканын» принциптерин пайдалануу;

- ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү туруктуу пайдаланыш үчүн аймактык кызматташтык жаатында демилгелер бар.

Резолюция долбоору глобалдык экологиялык уюмдар тарабынан жактырылган. Алардын арасында Жапайы жаратылышты коргоо боюнча дүйнөлүк фонд, БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенциясы, ЮНЕП, Рамсар конвенциясы, Жаратылышты коргоо боюнча немис бирикмеси бар экенин белгилеген мамлекет башчы аталган резолюция БУУга кирген мамлекеттердин жана институттардын кеңири колдоосуна ээ болот деген үмүтүн билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков видео кайрылууну 1-октябрга караган түндө жасады.

Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча дүйнөлүк саммит ушул тапта Нью-Йорк шаарында өтүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG