Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Тихановская Беларуста атаандаш өкмөт түзөрүн жарыялады


Cветлана Тихановская Эммануэл Макрон менен жолугушууда. 29-сентябрь, 2020-жыл, Вилнюс.
Cветлана Тихановская Эммануэл Макрон менен жолугушууда. 29-сентябрь, 2020-жыл, Вилнюс.

Беларус оппозициясынын лидери, акыркы президенттик шайлоодо жеңгенин жарыялаган Светлана Тихановская атаандаш өкмөт түзө баштады.

Ал 30-сентябрда өзүнүн адам укуктары боюнча өкүлү катары Гарри Погоняйлону жана экономикалык реформалар боюнча өкүлү кылып Александр Алехнович дайындаганы белгилүү болду.

Погоняйло - тажрыйбалуу юрист жана укук коргоочу, 20 жылдан ашык Хелсинки комитетинин Беларустагы төрагасынын орун басары. Алехнович болсо «СASE-Беларус» аналитикалык борборунун вице-президенти.

Светлана Тихановская «Telegram» канал аркылуу тараткан билдирүүдө: «Александр Лукашенконун режими легитимсиз гана эмес, өз милдеттерин аткара да албай калды. Өлкө кризиске күн сайын батып бара жатканда биз жөн гана карап, эч нерсе кылбай отура албайбыз. Жаңы шайлоолорду жарыялаш үчүн Беларустагы бардык демократиялык күчтөрдүн башын кошуу үчүн ишмердигимди улантам», деп айтылат.

9-августтагы президенттик шайлоого оппозициянын атынан катышкан Светлана Тихановская Литвага чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ал баштаган беларус оппозициясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, эл аралык коомчулукту өлкө бийлигин Александр Лукашенконун бийлигин тааныбоого чакырууда.

Бир катар Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбай турганын жарыялап, айрым өлкөлөр санкцияларды киргизген.

Тихановская 29-сентябрда Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен жолуккан. Жолугушуудан кийин Макрон Беларустагы саясий кризисти жөнгө салыш үчүн ортомчу болууга даяр экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG