Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Шайлоо: Аравандын мурдагы акими мугалимдерди зекиди


Араван райондук маданият үйүндө тартылган сүрөт. Сүйлөп жаткан Шамил Артыков.
Араван райондук маданият үйүндө тартылган сүрөт. Сүйлөп жаткан Шамил Артыков.

Аравандын мурдагы акими, «Биримдик» партиясынын райондогу штабынын жетекчиси Шамил Артыков мугалимдерге үгүт кылып, аларды зекигени тууралуу аудио тасма тарады. Анда ал «Биримдикке» добуш берүүнү талап кылып, түштүктөгү улут аралык жаңжалдарды да эске салганын угууга болот.

Милиция менен Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аудио тасманы текшерип жатат. Артыков Интернетте тараган аудиодо сүйлөгөн сөздөрүн тастыктады.

Аудио тасмада мугалимдер менен «Биримдиктин» талапкерлеринин жолугушуусу жүрүп жатканын болжолдоого болот. Анда штаб башчы Шамил Артыковго сөз берилип, андан кийин сөз талапкер Жалалиддин Нурбаевге узатылат.

Артыков мугалимдерди «Биримдикке» үгүттөп, «акча алып башка партияны колдогондор жумушунан кол жууйт» деп айтканын угууга болот. Мындан сырткары ал 1990-2010-жылы болгон коогалаңды эске салып, «эсиңерден чыгарбагыла» деп сөз арасына кошо кеткен.

«Биримдик» партиясынын талапкерлери Шүкүрулло Файзуллаев, Өмүрбек Бакиров жана Жалалиддин Нурбаевдин Араван райондук маданият үйүндөгү жолугушуусунда тартылган сүрөт.
«Биримдик» партиясынын талапкерлери Шүкүрулло Файзуллаев, Өмүрбек Бакиров жана Жалалиддин Нурбаевдин Араван райондук маданият үйүндөгү жолугушуусунда тартылган сүрөт.

«"2000-3000 сом алабыз" деп башка жакка кетсеңер, эртең мезгили келет. Эртең 2000 сом менен ишсиз каласыңар. Мен ачыгын айтып коёюн, силердин ар бириңердин аты-жөнүңөр бар. Мен штабдын жетекчиси катары ким кайсы партияга иштеп жатканын жакшы билем. Беш жыл депутат болуп, эч нерсе кылбай бүгүн келип алып, 5-10 сом берсе ошонун артынан кетебизби? Уят болот, айтып коёюн! Мугалимдин жүзүн жер караткан силер болосуңар. Тескерисинче, мугалим бүгүн элди ээрчитип, агитация кылып, президенттин саясатын жүргүзө турган силерсиңер. Туугандар, 1990-жылы эмне болдук эле? Эсиңерде барбы? 2010-жылы эмне болдук? 20 мынтыкчан кыргыз басып келгенде Жети агайындан киргизген эмеспиз. Ошол жерде биз силерди ойлоп турганбыз. Силер бүгүн бизди эмес, 2000 сом акчаны ойлоп жатасыңар. Бир аз эсиңерге келбейсиңерби!».

Артыков өзү аудио тасмада айткандарын «Азаттыкка» тастыктап, мугалимдер андан коркпой турганын, сүйлөгөн сөздөрүн жакшы ойдо айтканын билдирди:

«Мен жакшы ой менен сүйлөгөм, башка маселе жок ал жерде. Азыр эч ким эч кимден коркпой турган заман. Мен урмат-сый катары, мугалим катары айтканмын. Өз учуру келгенде (айткан сөздөрүмө) баа берем».

Жогорудагы билдирүүнү милиция иликтей баштады. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «WhatsApp» аркылуу тараган үндү териштирүү иштери башталып, ал райондук милициянын электрондук китепчесине катталганын кабарлады:

Жеңишбек Аширбаев.
Жеңишбек Аширбаев.

«Үн кимге таандык, аттары аталган адамдар кайсы жакта экенин тактоо боюнча иштер башталды. Биз юридикалык мамлекеттик орган болгондон кийин юридикалык далилдерге таянып гана айта алабыз. Азыр Шамил Артыков деп айта албайбыз. Тергөө иштери кечээ гана башталды».

Ал арада аудио билдирүүнү БШК текшере баштады. Анын мүчөсү Атыр Абдрахматова аны Боршайкомдун ыкчам чара көрүү боюнча жумуш тобуна, мүчөлөрүнө жөнөтүп, тез арада кароону сунуш кылган.

Жумушчу топто Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Башкы прокуратуранын жана Ички киштер министрлигинин өкүлдөрү да бар. Абдрахматованын айтымында, жакынкы күндөрү билдирүүгө юридикалык баа берилет.

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

«Туура эмес айтылган сөздүн айынан Кыргызстанда бир нече терс окуялар болгон. Шайлоо процесси да чыңалуу менен өтүп жатат десем жаңылышпайм. Анткени буга чейин Араванда эки партиянын тарапташтары мушташа кеткен. Жабыркаган адамдар да бар. Азыр мындай сөздөрдүн айынан жөнөкөй элдин ортосунда түшүнбөстүк пайда болуп, ызы-чуу башталбашы үчүн БШК укук коргоо органдары менен тез арада айткан адамды таап, ага чара көрүп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек», - деди ал.

«Биримдик» партиясы болсо аудио тасма туурасында азырынча үн ката элек.

Учурда «Биримдик» партиясынын Аравандагы штабын жетектеп жаткан Шамил Артыков буга чейин 2015-жылы «Республика - Ата Журт» партиясы менен Жогорку Кеңешке ат салышып, тизмеде 27-орунда болгон.

Ага чейин Араван районунун акими болуп иштеп, 2014-жылы аймактагы мектептердин биринде Өзбекстандын гимни жаңыргандыгы үчүн кызматтан алынган.

2009-жыл Курманбек Бакиевдин буйругу менен Кадамжай районунун акими болуп дайындалып, 2010-жылдын жай айларына чейин жетектеп турган.

Араван району.
Араван району.

Араван районунда үгүт өнөктүгүнө байланыштуу чырлуу окуялар буга чейин да болгон. 20-сентябрда Араванда «Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкерлиги көрсөтүлгөн Шүкүрулло Файзуллаев менен «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннановдун колдоочуларынын ортосунда жапырт мушташ чыгып, 13 адам ооруканага түшкөн. БШК эки талапкерди тең шайлоодон четтеткен.

Ошондой эле Араванда «Биримдик» партиясынын талапкерлеринин жыйынына мугалимдердин катышканы кызуу талкууланган.

Аравандагы админресурс

Буга чейин Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевдин аймактагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилерин, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларын топтоп, «Биримдик» партиясына иштөөгө үгүттөп жатканы жазылган деген аудио да тараган. Айтибаев чогулуш өткөргөнүн мойнуна алып, аудиодогу үн аныкына окшош экенин айткан.

Ошондой эле Араванда «Биримдик» партиясынын талапкерлеринин жыйынына мугалимдердин катышканы кызуу талкууланган.

«Биримдик» партиясынын талапкерлеринин жыйынына келген мугалимдер.
«Биримдик» партиясынын талапкерлеринин жыйынына келген мугалимдер.

8-сентябрда «Биримдик» партиясынын талапкерлери Өмүрбек Бакиров, Шүкүрулло Файзуллаев жана Жалалиддин Нурбаев Араван районуна караштуу Алля Анаров атындагы айыл өкмөтүндөгү мектеп жана бала бакча кызматкерлерин чогултуп, жыйын өткөргөн. Алар «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна «өзүбүз келдик» деп жооп беришкен.

Бул жыйынга район акими Курбанбек Айтибаев да келген. «Биримдик» партиясынан Араван районунан үч киши талапкерлигин койгон. Тизмеде Өмүрбек Бакиров 30-орунда, Жалалиддин Нурбаев 69-орунда, Шүкүрулло Файзуллаев 74-орунда турат. Шүкүрулло Файзуллаевдин талапкерлиги БШКнын чечими менен «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тарапташтары менен болгон уруштан кийин чыгарылган.

XS
SM
MD
LG