Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-октябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Бакасовдун баш оорусуна айланган тасмалар


Улан Бакасов.

Укук коргоо органдары «Биримдик» саясий партиясынын талапкери Улан Бакасовго байланышкан Нарын районунун Чет-Нура айылында тартылды деген тасманын чоо-жайын иликтеп бүтө электе социалдык тармактарда Бакасов «добуш сатып алууга аракет кылды» деген дагы бир видео тарады.

Бул жолу Нарын районунун Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы Денисак Болот уулу аттуу адам Бакасов шайлоочулардын добушун дүңүнөн соодалап жатканына күбө болгонун айтып чыкты. Талапкер бул эки фактыны тең «курулай доомат» деп четке кагууда.

Таза сууга 300 добуш

29-сентябрда «Республика» партиясынын талапкери Тынчтыкбек Алтымышев «Фейсбуктагы» баракчасына өзүн Нарын районунун Эмгек талаа айылдык кеңешинин төрагасы катары тааныштырган Денисак Болот уулунун «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасовдун өкүлдөрү келип, айылга суу чыгарып бериш үчүн 700 миң сом сунуш кылышканына күбө болгонун билдирген тасманы жарыялады.

«22-сентябрда «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасовдун балдары келип 300 миң сом калтырды. Эгер шайлоо күнү 300 добуш чыгарып бере алсак, калганын беришерин, чыгарып бере албасак, кайра ар бир добуш үчүн эки миң сомдон чогултуп беришибиз керек экенин айтышты. Биздин айылда таза суу маселеси бар. Бирок ал үчүн добуш сатпай эле, соопчулукка жасап берсе болмок. Сүйлөшүүгө Улан Бакасов өзү келген жок. Жол тандабас машине менен анын балдары келди. Айылдагы «Биримдик» партиясына иштеген балдар барып жолуктук. 300 миң сом берип жатканына күбө болдук. Бизде качан адилеттүүлүк орнойт? Президентибиз баш болуп «таза шайлоо болсун» деп жатса Бакасовдун бул кылганы туурабы?» - деп айтылат Болот уулунун билдирүүсүндө.

Бул видео боюнча «Биримдик» саясий партиясынын талапкери Улан Бакасов Интернет аркылуу ошол замат жооп кайтарды. Ал муну жалган жалаа, каралоо деп баалады. Талапкер билдирүүсүн 29-сентябрда жарыялап, бул боюнча тийиштүү органдарга кайрыларын маалымдаган. Ал акча сунуш кылбаганын билдирүүдө:

«Мен буга чейин бир да видео кайрылуу жасаган эмесмин. Бирок кайрылууга туура келди. Анткени акыркы күндөрү менин артымдан көптөгөн каралоо болуп, жалган маалыматтар тарап жатат. Ошолордун бири Эмгек-Талаа айылында болду. Мен «андай окуя болгон эмес» деп так айта алам. Бул мыйзамга туура келбейт».

Добуш сатып алуу аракети боюнча тургундун видеокайрылуусуна Нарын облустук ички иштер башкармалыгы да көңүл буруп, кайрылуу жасаган жарандын тек-жайын тактады. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова маалымдап, учурда ыкчам тергөө тобу териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады.

Ал эми БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Биримдиктин» талапкери Улан Бакасовго байланыштуу жаңы видеокайрылуу боюнча тартип коргоо органдарына тапшырма берилгенин, беш күндүн ичинде алар карап берген сунуштамасынын негизинде талапкердин иши Боршайкомдо караларын билдирди.

Бакасовго байланышкан башка да иш бар

«Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасов жергиликтүү тургундарга добуш үчүн акча сунуш кылганы тууралуу тасма буга чейин да Интернетте тарап, укук коргоо органдары ал ишти да бир айдан бери териштирип бүтө элек.

Ушул жылдын август айынын этегинде социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынган тасмадан Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагынын башчысы Азамат Мүсүркановго окшош адам топтошкон эл менен сүйлөшүп «Биримдик» партиясына айылдын добушун дүңүнөн соодалап жатканын көрүүгө болот. Ал жерде Улан Бакасов менен соодалашуу болгону, ал үчүн айылдан кеминде 300 добуш керек экени айтылат.

«Ал «бийлик менен келбесем, мен силерге эч жумуш жасап бере албайм, мени колдоп бергиле, мындан ары да иш алып барабыз» деп жатат. Анан биз сүйлөштүк, соодалаштык. Уланга «комбайн алабыз» десек «500 миң сом акчасын нак алып келип берем, мага эки күндүн ичинде жообун айткыла, 300 кишиден кем эмес салып бергиле, силерден башка нерсе талап кылбайм» деди».

Бир мүнөткө жетпеген, үч бөлүктөгү тасмада негизинен ушул сыяктуу сөздөр айтылган. Анын биринде айыл тургундары дептерге аты-жөнүн жазып, кол коюп жатканы тартылган.

Интернетке тараган бул тасма боюнча милиция күбөлөрдү сурап, түшүнүк кат алган. Факт 30-августта Нарын облустук милициясында Жазык кодексинин 192-беренесинин («Добуштарды сатып алуу») 2-бөлүгү менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Улан Аалиев.
Улан Аалиев.

Милициянын маалыматына караганда, видеодогу кызыл футболкачан кишинин аты-жөнү такталып, ал Нарын районунун Орто-Нура айылынын 1986-жылы туулган М.А. аттуу тургуну экени аныкталган. Бирок арадан бир ай өтсө да жыйынтыктан али күнгө чейин дайын жок.

«Учурда прокуратура тергеп жатат. Биз аларга өткөрүп бергенбиз», - деди Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Аалиев.

Интернетке тараган тасмадагы негизги каарман деп айтылган Чет-Нура айыл аймагынын башчысы Азамат Мүсүрканов азырынча окуя боюнча өз оюн айтуудан карманып турат.

«Азыр тергөө жүрүп жатат, сот бүткөндөн кийин комментарий берейин», - деди ал.

Ал эми Нарын районунун акими Курманбек Кудайбергенов аталган окуя боюнча райондук бийлик түзгөн атайын комиссия иликтөө жүргүзгөнүн маалымдады:

Курманбек Кудайбергенов.
Курманбек Кудайбергенов.

«Бизге тиешелүү иштерди алып бардык. Ал адамды кызматтан четтетүү тууралуу прокуратуранын чечиминен кийин белгилүү болот. Негизи айыл өкмөт башчысы ошол талапкердин жардамчысы менен «800 миң сомго комбайнды жардам катары эле алып берсеңер» деп сүйлөшкөн экен. Муну ал өз түшүнүгүндө жазып берди. Алар «500 миң сом берели, калган 300 миң сомду өздүк салым кылгыла» деп айтыптыр. Эми мында кылмыш иши бар-жогун укук коргоо органдары териштирип жатат. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Эми ошого жараша чечим кабыл алынат».

Бир айга созулган тергөө

Шайлоо эрежелерине ылайык, үгүт өнөктүгү учурундагы шектүү иштерге укук коргоо органдары беш күндүн ичинде баа бериши керек. Бирок андан бери бир ай убакыт өтсө да жыйынтыктан али күнгө чейин дайын жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова Чет-Нурадагы мыйзамсыз үгүт иши тууралуу маселени 28-сентябрдагы жыйынында карап, ишти кароону Башкы прокуратурага сунуш кылган.

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

«Бул ишти атайын создуктуруп, шайлоодон кийин текшергендин кажети жо, - деди ал. - Конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн беш күндүк мөөнөттө каралышы керек эле. Бирок укук коргоо органдары бул ишти Жазык-процессуалдык кодекстин негизинде карап жатканын билдирүүдө. Бул туура эмес. Шайлоо учурунда ИИМ Боршайком менен бирге чара көрүшү керек болчу. Бул маселени биз өткөн аптада кайра козгоп чыктык. «ИИМдин аракетсиздиги үчүн чара көргүлө» деп Башкы прокуратуранын алдына койдук. Бул жерден ИИМ одоно мыйзам бузууда. БШК кайсы бир иштерди өз алдынча карап чечим чыгарса болот, бирок добуш сатып алуу боюнча ушундай иште ИИМ менен бирдикте иш алып барат. Алардын чечимине жараша БШК иш алып барат».

Абдрахматова бул факты боюнча ИИМге маселени бир айдан бери кайра-кайра көтөрүп жатып жооп алганын айтууда. Бирок алар иштин жыйынтыгын көрсөткөндүн ордуна тергөө жүрүп жатканын айтышкан.

Бул факт боюнча БШКнын жумушчу тобу да иликтөө ишин баштаган. Маалыматка ылайык, «айыл өкмөт башчысы административдик ресурс колдонгон жана талапкер менен соодалашып, добуш сатып алууга аракет кылышы мүмкүн» деген божомолдор каралып жатат.

Мыйзам бузулганы далилденсе, партия же талапкер шайлоодон четтетилип, айыл өкмөт башчысына кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Бакасов айыл өкмөттү сотко берген

«Биримдик» партиясынын талапкерлеринин тизмесинде алтынчы болуп турган ишкер Улан Бакасовдун расмий өкүлү Майрамбек Өмүрбаев Интернетке тараган видео боюнча Азамат Мүсүркановду сотко бергенин маалымдаган. Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы Бакасовдун арызы 13-октябрда райондук сотто караларын маалымдады. Ал эми «Биримдик» партиясынын юристи Айым Камчыбекова буларга токтолду:

«Биз «сотту тездетип бергиле» деп суранганбыз. Бирок бул иш конституциялык мыйзамдын негизинде эмес, жарандык тартипте каралат экен. «Ошондуктан мөөнөтү да узак болот» дешти».

Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын ичинен «Биримдик» партиясы азыркы президенттин саясатын колдочу күчтөр катары коомчулукта мүнөздөлүп жатканы белгилүү. Ушундан улам аталган саясий партиянын дарегине карата дооматтар күч.

Саясий серепчи Алмаз Тажибай ИИМдин ишин сынга алды:

«ИИМдин алсыз болуп жатканына ишенбейм. Керек болсо бир күндүн ичинде аныктап койгонго мүмкүнчүлүгү бар. Пандемия учурунда тартип бузду деген адамдарды бир заматта таап кечирим суратып жатышпадыбы. Бирок негедир бул ишке келгенде алсыздыгын көрсөтүп жатат. Демек административдик ресурс колдонулуп жатат. Бийлик ошол партиянын колунда да. Нарында катталган бул факт - чети гана. Билинбеген учурлар ондоп саналат».

Буга чейин Башкы прокуратура Жазык кодексинин 192-беренеси («Шайлоочулардын добушун сатып алуу») боюнча 40 кылмыш иши козголгонун билдирген.

Башкы прокуратура шайлоо учурундагы мыйзам бузуу боюнча аныкталган фактыларды өңүтүнө карап тиешелүү органдарга өткөрүп берип жатат. Алардын көбүн Ички иштер министрлиги тергөөдө. Бирок күч түзүмдөрү мыйзам бузуу фактыларынын санын айтканы менен кайсы партиялар шайлоо убагында балит ыкмаларды колдонгонун, канча адам жоопкерчиликке тартылганын ачыкка чыгарбай жатат.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат.

Пикирлерди көрүңүз (15)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG