Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-октябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 11:18

6-октябрдан тартып 1-6-класстардын окуучулары мектептерде окуусун улантышат


Балдарды күткөн мектеп. Алай району. 2020-жыл.

6-октябрдан тартып 1-6-класстардын окуучулары мектептерде окуусун улантышат. Мындай чечим бүгүн, 30-сентябрда Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, анда 1-6-класстын окуучуларын мектептерде окутуу боюнча санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо алгоритми иштелип чыкты. Ага ылайык, мектептерде балдар менен катар эле мугалимдердин да дене табы өлчөнөт, бет кап кийүү милдеттүү болот. Мындан тышкары кызматкерлер үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда коронавирустун белгилеринин бар-жогу жөнүндө анкета толтурушат.

Мектептер балдар келгенге чейин дезинфекцияланууга тийиш. Анда пайдаланылуучу каражаттардын концентрациясы белгиленген өлчөмдөн ашпашы керек. Класстар желдетилип турушу зарыл.

Окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун медицина кызматкерлери көзөмөлдөп турат. Окуучулар аралыкты сактоо менен отургузулат. Балдар колдорун бат-бат жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынат.

Муну менен катар мектептерде түрдүү иш-чаларды өткөрүүгө, ата-энелердин жана башка жарандардын киришине уруксат жок.

Өкмөттүн маалыматында 7-11-класстардын окуусу жана бала бакчалардын иши качан жанданары тууралуу сөз жок.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы бардык билим берүү уюмдары аралыктан окутууга өткөн. Өткөн окуу жылынын акыркы чейреги аралыктан окуу менен аяктаган. Жаңы окуу жылында мектептерден окууга 1-класстарга гана уруксат берилип, башка класстар аралыктан окутуу форматында калтырылган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (19)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG