Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

ЭлТР «Азаттыктын» көрсөтүүсүн эфирге чыгаруудан баш тартты


«Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» көрсөтүүсү. 2020-жылдын 28-сентябры.
«Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» көрсөтүүсү. 2020-жылдын 28-сентябры.

ЭлТР телеканалы «Азаттык» радиосунун «Биримдик» саясий партиясынын лидеринин Кыргызстандын эгемендигине байланыштуу билдирүүсүн талдоого алган телекөрсөтүүсүн эфирге чыгаруудан баш тартты. Каналдын жетекчиси Керим Калыкулов мындай чечимин көрсөтүүгө «Биримдик» партиясынын өкүлү катышпаганы менен байланыштырды:

«Ал жерде бир партиянын дарегине аябай кескин билдирүүлөр айтылыптыр. Бирок алар тараптан өкүл болбоптур».

«Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасы Интернет аркылуу түз эфирге 28-сентябрда чыккан.

Талкууга конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, саясий серепчилер Алмазбек Акматалиев жана Эмил Жураев катышкан.

«Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» көрсөтүүсү. 2020-жылдын 28-сентябры.

Бийликчил «Биримдик» партиясынын жетекчиси Марат Аманкуловдун Орусиядагы жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзү жазылган кыска видео Интернетте 26-сентябрда тараган. Анда саясатчы: «Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат», - деп билдирген.

Бул окуя коомчулукта кескин сын жана кызуу талкуу жаратууда.

Марат Аманкулов сынга кабылып жаткан видеотасмага комментарий берип, аны атайын жасалган чагым деп баалады.

«Азаттык» радиосунун жарым сааттык телепрограммалары келишимдик негизде иш күндөрү ЭлТРде 2016-жылдан бери көрсөтүлөт.

ЭлТР буга чейин дагы «Азаттыктын» бир нече көрсөтүүлөрүнүн чыгарылыштарын эфирге чыгарган эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG