Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Бишкекте парк куруудагы мыйзамсыздыкка байланыштуу кылмыш иши козголду


Бишкектеги парктардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги парктардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Баш калаадагы Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын сынак комиссиясынын «Балалык» паркын оңдоп-түзөө боюнча тендерди «Ак-ниет Курулуш» фирмасына берген чечиминен мыйзамсыз жагдайлар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Тагыраагы аталган жоопкерчилиги чектелген коомдо суу менен камсыздоо, канализация, трансформатор орнотуу, электр менен камсыздоо, электр линияларын тартуу, технология жабдууларын оңдоого байланыштуу лицензия жок болгонуна карабай келишим түзүлгөн.

Мындан сырткары жумуштарды баалоо актыларын текшерүүдө айрым иштер кымбат аткарылганы такталган. Каржылоо долбоордук-сметалык суммадан 1 043 887 сомго ашып кеткен.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери өзүнүн же башкалардын пайдасы үчүн мамлекетке зыян келтиришкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгында факт боюнча Жазык кодексинин 234-беренеси («Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу») жана 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен сотко чейинки териштирүү башталып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө уланууда.

«Балалык» паркы Бишкектин Байтик баатыр жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Сквердин курулушу 2020-жылдын февралында башталып, анын капсула салуу аземине ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков катышкан эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG