Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:08

Башкы прокуратура «Ынтымак» сейил багынын курулушундагы мыйзам бузуу боюнча кылмыш ишин козгоду


«Ынтымак» сейил багына көчөт отургузуу учуру. Январь, 2020-жыл.
«Ынтымак» сейил багына көчөт отургузуу учуру. Январь, 2020-жыл.

Башкы прокуратура Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан «Ынтымак» сейил багынын курулушунда мыйзам бузуу аныкталганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 2-декабрда «Азаттыкка» билдиргендей, сейил бактын курулуш иштери Бишкек мэриясынын айрым кызмат адамдары тарабынан тиешелүү долбоордук-сметалык иш-кагаздары жок жүргүзүлгөн. Ошондой эле курулуш материалдарынын, айрым аткарылган иштердин көлөмү жана баалары негизсиз жогорулатылган.

Башкы прокуратура коомдук объектилердин курулуш иштери мамлекеттик сатып алуу жараяндарын аткарбай туруп жана лицензиясы жок жаран менен мыйзамсыз келишим түзүү аркылуу жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Маалыматка караганда, мындан тышкары квалификациялык талаптарга жооп бербеген сынактын катышуучулары жеңүүчү деп аныкталып, курулуш иштерине керектелчү материалды сатып алуу боюнча негизсиз келишимдер түзүлүп, мамлекетке чоң өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул фактылар боюнча топтолгон материалдар 24-ноябрда Жазык кодексинин 234-беренеси («Ачык тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу») жана 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки териштирүү башталды.

«Ынтымак» сейил багы 2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда жана Бишкек шаарын Азиз Суракматов башкарып турганда курулган. Ошол жылы 30-августта сейил бактын ачылыш аземинде Жээнбеков кызыл тасманы кескен.

Курулушка шаардык бюджеттен 90 млн. сомдон ашык каражат кеткени айтылган.

Башкы прокуратура бул иш боюнча мэриянын кайсы кызмат адамдары шектүү экенин тактаган жок.

Бишкектин мэриясы Башкы прокуратуранын маалыматына комментарий бере элек. (ErN/NT)

XS
SM
MD
LG