Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Өзгөндө сегиз жаштагы кыз жанын кыйды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айылында сегиз жаштагы кыздын сөөгүн асынган абалда табышты. 

Башталгыч класста окуган кыздын өлүмү тууралуу жакындары, мугалимдери ой-пикирлерин айтыша элек. Маалыматтарга караганда кыз үй-бүлөдөгү төрт баланын экинчиси болгон, мектепте мыкты окучу.

Ооруканага жетпей калды...

Өзгөн районундагы Жылалды айылында 3-класстагы кыздын асынган абалда табылганы тууралуу маалымат милицияга 27-ноябрь күнү түшкөн. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин билдишинче, сегиз жаштагы кыздын сөөгүн сарайдын башынан чөп байлаган жипке асылып турганда табышкан.

Кыздын сөөгүн чоң атасы тапкан.

«Чоң атасы жума намазынан келгенден кийин малканадагы шатынын кыйшайып калганын көрүп калып, жакындап барган учурда сарайынын чатырында небереси асынып турганын көргөн. Туугандарын, кошуналарын чакырып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө аракет кылышкан. Майнап чыкпагандан кийин райондук ооруканага алып барышкан. Ооруканага барган учурда кеч болуп калган. Учурда Ош ОИИБ тарабынан атайын топ түзүлүп, кыз каза болгонго чейин кимдер менен байланышканын тактоо иштери жүрүп жатат».

Аширбаевдин айтуусунда, алгачкы териштирүү учурунда туугандары "кызыбыз жанын кыйган тасмаларды көп көрчү, ошол тасмадагы көрүнүштү кайталайм деп жиптен чыга албай калышы мүмкүн" деп божомолдошкон.

Маркумдун ата-энеси сөөктү экспертизага берүүдөн баш тарткан. Милиция кызматкерлери сырттан текшерген учурда кыздын денесинен мойнундагы тактан сырткары тактарды байкашкан эмес.


Облустук милиция аймакта биринчи жолу катталып жаткан мындай окуя тыкыр иликтенет деп убада берди.

«Биздин практикада сегиз жаштагы бала өз жанын кыйган учур болгон эмес. Бир жолу бала селкинчек тээп жатканда ал буралып кетип, селкинчекке муунуп калган. Асынып алган кыз боюнча ар тараптуу текшерүү иштери уланууда», - деди облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев.

Билим берүү жана тарбия боюнча адис Асылбек Жооданбеков сегиз жаштагы баланын өз өмүрүнө кол салганына ишене албай турганын, кыргыз коомчулугу балдарды тарбиялоодо материалдык жагы менен гана чектелип калганына токтолду:

«Тилекке каршы, кыргызстандык окуучулардын арасында өз жанын кыйгандар көбөйүп жатат. Буга ар кандай факторлор себеп болушу мүмкүн. Сегиз жаштагы кыздын өзүн-өзү асып алганына чынын айтсам көп ишене албай турам. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө көпчүлүк ата-энелер өз милдетин талаптагыдай аткара албай жатат. Көпчүлүгүбүз баланын тамак-ашы, кийим-кечеси менен эле алек болуп калдык».

Жооданбеков "Өзгөндөгү окуя ата-энелерге балдарды заманбап тарбиялоо зарылдыгын көрсөттү", - деп кошумчалады.


Ал эми психолог Эмил Сагынбаев технологиянын өнүгүүсү менен маалыматтар жеткиликтүү болуп, балдар да тез чоңоюп, анын терс таасири да тийип жатканын айтты.

«Ата-эне, жакындары, тууган-уруктары менен биргеликте аябай кылдат мамиле кылуу керек. Балдарга көңүл буруу абзел. Бала психологиялык жактан жабыркашы да мүмкүн. Бардык эле ата-энелер балдары психикалык жактан ооруп калуусун каалабайт жана ишенишпейт. Кандайдыр бир белгилер байкалса, дароо адистерге кайрылып, аны дарылоо керек».

Облустук милициянын маалыматына ылайык, өз жанын кыйгандардын эң жашы 14 жашта болчу. 2020-жылы балдар арасында 12, чоңдор арасында 29 учур катталган. Бул 2019- жылганда тогуз учурга аз.

XS
SM
MD
LG