Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Сурабалдиева жайында бейтаптарга шектүү дарылар таратылганын айтты


Бишкектеги күндүзгү стационар.
Бишкектеги күндүзгү стационар.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 2-декабрда Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында быйыл жай мезгилиндеги пандемия күч алган учурда айрым бейтапканалар алдын ала текшерилбеген дарыларды вируска каршы таратышканын билдирди:

«Бишкек шаарындагы бейтапканалардын дарыгерлери жайында вируска каршы кытай таблеткаларын таратышканы кооптондурат. Эмне себептен тийиштүү текшерүүлөрдү өткөрбөстөн, бул дары-дармектер медициналык мекемелерге берилген? Алардын курамын, сертификатташтырылганын эч ким текшерген эмес. Бирок аларды пандемия учурунда иммунитети алсыз жарандарга беришкен. Мындай учурлар үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлерине тартиптик мүнөздөгү чара көрүлөт».

Сурабалдиева мындан тышкары гуманитардык жардам тууралуу отчёт боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин дарегине катуу сын айтты.

Сурабалдиеванын айтымында, отчётто канча дары каражаты түшкөнү жана алардын аталышы көрсөтүлгөн эмес.

2-декабрдагы расмий маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус 73 513 кишиге жукту, алардын 1277си каза болуп, 65 189у айыкты.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан бейтаптар алгач март айында катталган. Бул оорудан каза болгондордун эң көп катталган учурлары июнь, июль, август айларына туура келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG