Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Конституциялык палата өз чечимине түшүндүрмө берди


Конституциялык палата парламенттик кайра шайлоо мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу мыйзамдын Конституцияга шайкештиги тууралуу чечимин жарыялап жаткан учуру. Бишкек шаары. 2-декабрь, 2020-жыл.
Конституциялык палата парламенттик кайра шайлоо мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу мыйзамдын Конституцияга шайкештиги тууралуу чечимин жарыялап жаткан учуру. Бишкек шаары. 2-декабрь, 2020-жыл.

«Реформа» саясий партиясынын жана юристтердин арызына карата «Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо белгисиз мөөнөткө токтотулганы жөнүндөгү мыйзам Конституцияга каршы келбейт» деп чыгарган чечимине Жогорку соттун Конституциялык палатасы түшүндүрмө берди. Анда:

«Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамга ылайык, чукул кырдаал учурунда буга мыйзам жол берет. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып чукул кырдаал киргизилген. 5-6-октябрдагы башаламандык өлкөдө социалдык туруксуздукка алып келди. Кыргызстан масштабдуу түрдө саясий-социалдык кризисте турганы анык. Жогорку Кеңеш регламентке ылайык, конституциялык мыйзамды өзгөчө абалда кабыл алышына негиз бар», деп жазылган.

Мындан тышкары шайлоону жылдыруу эл аралык нормаларга туура келери жана Конституциянын беренелерине каршы келбей тургандыгы белгиленген.

2-декабрда Жогорку соттун Конституциялык палатасы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо белгисиз мөөнөткө токтотулганы жөнүндөгү мыйзамдын Конституцияга шайкештигин караган. Жыйынтыгында бул мыйзам Конституциянын беренелерине каршы келбейт деп чечкен. Арыз ээлери чечимди саясий мүнөздө деп баалап, бийликтин кийлигишүүсү менен кабыл алынды деген пикирлерин айтышкан. (BTo/ZKo)

XS
SM
MD
LG