Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:31

АКШнын башкы прокурору шайлоодо бурмалоо болбогонун билдирди


Уильям Барр.
Уильям Барр.

АКШнын башкы прокурору Уильям Барр Юстиция министрлиги президенттик добуш берүүнүн жыйынтыгын масштабдуу бурмалоонун далилдерин таппаганын билдирди. Президент Дональд Трамп фальсификацияларга жол берилип, анын жеңишин уурдап алышканын айтып келатат.

«Associated Press» агенттигине интервью берип жатып Барр Башкы прокуратура жана Федералдык иликтөө бюросу доо арыздарды, анын ичинде Трамптын «электрондук машинелер шайлоочулардын эркин бурмалаган» деген арызын текшерип жатышканын айтты.

Президенттин штабы шайлоонун жыйынтыгына таасир эте алат деген бир нече штаттагы добуш берүүнүн жыйынтыгын талашып сотко арыз берген. Бир нече доо негизсиз деп четке кагылган.

Комшо Штаттардын президенти болуп шайланыш үчүн талапкер шайлоочулар коллегиясынын кеминде 270 добушун алууга тийиш. Байден 3-ноябрдагы шайлоодо 306 добуш алды, Трампка 232 добуш тийди. Жеңүүчү расмий түрдө 14-декабрда коллегиянын жыйынында аталмакчы.

XS
SM
MD
LG