Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Майя Санду Днестр боюндагы чатактын күч менен чечилишине каршы


Майя Санду.
Майя Санду.

Молдованын шайланган президенти Майя Санду Днестр боюндагы чатактын күч менен чечилишине каршы. Бул тууралуу ал «Азаттык» менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, абалды жөнгө салыш үчүн Братислава протоколунун алкагында иш жүрүп, саясий диалог болушу керек.

Орус тилдүү калк басымдуулук кылган Днестр бою 1990-жылы Молдовадан бөлүнүп, өз эгемендигин жарыялаган. Анткен менен эл аралык коомчулук аны Молдованын бир бөлүгү деп эсептейт. Орусия аталган аймакка экономикалык жана саясий колдоо көрсөтөт, аскерлерин да жайгаштырган. Москва муну «тынчтык орнотуу» аракети катары түшүндүргөн.

Өлкөнүн экс-премьер-министри, Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Майя Санду өткөн жекшембидеги президенттик шайлоонун экинчи айлампасында атаандашы Игорь Додонду жеңип чыккан.

Санду Днестр боюнун маселесин чечүүдө өлкө аймагынан орусиялык аскерлерди толугу менен чыгаруу жагы сөзсүз каралышы керек деген пикирин билдирген.

XS
SM
MD
LG