Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

COVID-19: Сурабалдиева саламаттык сактоо министрлиги менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сынга алды


Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 2-декабрда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикаоык штабдын кезектеги жыйынында гуманитардык жардам тууралуу отчет берүүгө байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги жана жергиликтүү бийликтин дарегине катуу сын айтты.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Сурабалдиева мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына алган гуманитардык жардамдар боюнча толук отчет берүү тапшырмасы берилгени менен ал аткарылбаганын айтып жетекчилерди сынга алган.

"Бизге толук жана так отчёт керек. Муну жарандар, Жогорку Кеңештин депутаттары, жардам берген эл аралык уюмдар жана донорлор күтүүдө. Берилген отчёт толук эмес жана айрым пункттар боюнча түшүнүксүз. Мисалы, Талас жана Чүй облустарындагы аймактык медициналык мекемелерге кандай конкреттүү медициналык буюмдар жеткирилген? Ош облусу боюнча кандай чыгымдалуучу материалдар алынды, канча тест-система алынды? Жер-жерлерге өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын, концентраторлордун, рентген-аппараттардын канчасы жеткирилди? Отчетто 325 рециркулятор алынганы белгиленген, бирок алар кайда экени көрсөтүлгөн эмес. Эмне үчүн медициналык жабдуулар баланска алынган эмес жана тиешелүү тартипте белгиленген эмес. Жарандардан, донорлордон жана ыктыярчылардан алынган бардык жардамдар кылдаттык менен изилденет», - деди Сурабалдиева.

Ал Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата тартиптик мүнөздөгү чаралар кабыл алына турганын кошумчалады.

2-декабрдагы расмий маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус 73 513 кишиге жукту, алардын 1277си каза болуп, 65 189у айыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG