Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Ат-Башыга логистика борборун куруу маселеси кайрадан талкуулана баштады


Ат-Башыдагы Бажы-логистикалык комплекстин долбоору.
Ат-Башыдагы Бажы-логистикалык комплекстин долбоору.

Ат-Башыда бажы-логистикалык комплекс куруу ишин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмасы боюнча жүргүзүү маселеси кайрадан талкуулана баштады. Бул тууралуу 2-декабрда Экономика министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун, Экономика министрлигинин жана Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү өткөн аптада Нарынга барып, жергиликтүү бийлик менен жыйын өткөрүп келишти. Анда жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, комплексти куруу үчүн башка жерлерди карап көрүү, талдоо жүргүзүү маселелери талкууланды.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк – мамлекеттин социалдык жактан маанилүү долбоорду жеке ишкана-компаниялар менен чогуу жүзөгө ашыруу механизми.

Өкмөттүн Ат-Башыда, кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрмө бекетинин жанына бажы көзөмөлүн жакшыртуу жана аймактын тышкы экономикалык байланыштарын өркүндөтүү максатында логистика борборун куруу тууралуу токтому 2016-жылы декабрь айында чыккан.

Борборду «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» ишканасы 280 миллион доллар сарптап курмай болгон. Бирок жергиликтүү элдин каршылыгынан кийин бул долбоор ишке ашпай калганы быйыл 17-февралда жарыяланган. Ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев борбор курулбай калышына «нарындыктарга сырттан таңууланган, алардын кызыкчылыгына каршы келген пикирлер себеп болгонун» айткан.

Ал эми курулушка каршы чыккандар логистикалык борбор үчүн ижарага берилген аймак жайыт экенин белгилеп, кийин ал Кытайга биротоло өтүп кетиши ыктымал деген чочулоосун билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG