Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Кытайдын космос зонду Айда топурак үлгүсүн чогулта баштады


Кытайдын космос аппараты.
Кытайдын космос аппараты.

Кытайдын «Чанъэ-5» зонду шейшембиде Айга конуп, жандоочунун кыртышын бургулап топурактын үлгүсүн чогулта баштады. Жабдык мурда эч ким барып көрө элек лава өрөөнүнө конду. Зонд эки килограмм материал чогултууга аракеттенип, ал илимпоздорго Айдын пайда болушу жөнүндө көбүрөк маалымат алууга жардам бермекчи.

Эми зонд бир нече иш аткарат. Анын ичинде бурголоо жана геологиялык үлгү чогултуу менен алектенет. Кытайдын мамлекеттик желегин орнотот жана учууга даярданат. Пландалган убакытта артка жол тартат.

24-ноябрда ааламга бет алган пилоттолбогон аппарат жылдын аягына чейин Жерге кайтып келмекчи.

Миссия ийгиликтүү аяктаса, Кытай Айдан материал алууга жетишкен АКШ жана СССРден кийинки үчүнчү мамлекет болуп калмакчы.
1960-жылдардын аягында 1970-жылдардын башында НАСАнын астронавттары «Апполон» кемелери менен, 1976-жылы советтик «Луна-3» экспедициясы Айдын кыртышынын үлгүлөрүн алып келишкен. Ошондон бери окумуштуулар жаңы материалдарды күтүп жатышат.

XS
SM
MD
LG