Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Президенттикке талапкерлердин алгачкысы топтогон кол тамгаларын БШКга тапшырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттикке талапкерлердин ичинен Бабуржан Төлбаев биринчи болуп, талапкерлигине макулдугун билдирген 30 миңден ашуун адамдын колу коюлган баракчаларды Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырды.

БШКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, кол коюлган баракчаларды тапшыруу мөөнөтү 4-декабрга өткөн сааттан тартып аяктайт. Чогулган кол тамагалар 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес өлчөмдө болушу керек. 4-декабрдан тартып БШК тизмедеги коюлган колдордун аныктыгын текшерип чыгат.

14-декабрдан тартып президенттикке талапкерлерди каттоо жүрөт. Катталган талапкерлерге эки күн аралыгында талапкер болгондугу тууралуу тиешелүү мандат тапшырылат.

15-декабрдан 9-январга чейин шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январга дайындалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG