Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Талант Мамытов Москвага барат


Талант Мамытов, президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы.
Талант Мамытов, президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москвага расмий иш сапар менен барат. Сапар парламент аралык кызматташтыктын алкагында 6-декабрдан 8-декабрга чейин болот.

Бул маалыматты президенттик аппарат да ырастады. Парламенттин басма сөз кызматы төраганын расмий сапары тууралуу кеңири маалымат 3-декабрда берилерин маалымдады.

Талант Мамытовдун Орусиядагы сапары тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Жамааттык Коопсуздук боюнча Кызматташтык Уюмунун (ЖККУ) парламенттер ассамблеясынын онлайн жыйынында билдирген. Володин Мамытовго кайрылып: «Сиз менен дүйшөмбүдө, сиздин Орусиядагы расмий сапарыңызда сүйлөшүп, көп маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз»,- деген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам чыккан октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашып, президент Сооронбай Жээнбеков кызматын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берген.

6-октябрга караган түнкү башаламандыкта түрмөдөн бошотулган экс-депутат Садыр Жапаров алгач өкмөт башчы болуп, андан кийин президенттин милдетин аткарууну колуна алган. 10-январга дайындалган президенттик шайлоого катышуу үчүн убактылуу бул кызматтардан баш тарткан Жапаровдун ордуна Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов президенттин милдетин аткарууда.

Октябрь окуяларынан кийин Орусияга Кыргызстандан өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артём Новиков менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаев барып келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG