Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Германия: Триер шаарындагы окуянын террорчулукка тиешеси жок


Германиянын Триер шаарында төрт адамдын өмүрүн алган окуяда терроризмдин изи жок. Бул тууралуу Триер шаарынын прокурору Питер Фрицен билдирди. Анын айтымында, кылмыштын артында саясий же диний жүйө жок экени аныкталды. Германияда кеминде төрт кишинин өлүмүнө себепкер болгон айдоочу машинесин мас абалда айдап бараткан.

Өлгөндөрдүн арасында тогуз айлык ымыркай да бар болчу. Дагы 15тей киши жабыркады. Полиция 51 жаштагы шектүү адам элди атайын тебелетип кеткенин маалымдаган.

Ноябрдын башында Германиянын Конституцияны коргоо боюнча федералдык мекемесинин башчысы Томас Хальденваң өлкөдө террордук коркунучтун деңгээли «жогору» экенин билдирип, укук коргоо органдарын кыраакы болууга чакырган. Октябрдын башында жана ноябрдын аягында Европада бир нече теракт катталган.

XS
SM
MD
LG