Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Кыргызстан Кытайдан карыз төлөө мөөнөтүн узартууну кайра өтүндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Кытайдан карыз төлөө мөөнөтүн узартууну өтүндү. Мындай өтүнүчтү Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2-декабрь күнү Кытайдын элчиси Ду Дэвэнди кабыл алган учурда билдирди. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Руслан Казакбаев элчи Ду Дэвэндин көңүлүн өлкөнүн тышкы карызын жеңилдетүүгө көмөктөшүү маселесине бурду.
Мындан тышкары жолугушуу учурунда кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Казакбаев 24-ноябрдагы кытайлык ишкерлер менен өткөн тегерек үстөлдө кыргыз өкмөтү кытайлык ишканалардын жана ишкерлердин коопсуздугун камсыз кылыш үчүн керектүү чараларды көрөрүн кошумчалады.

2020-жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4, 827 млрд. долларды түзгөн. Мунун 1,778 млрд. доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет.

Кыргызстан жыл башынан бери быйылкы төлөмдү кийинкиге жылдырып турууну Кытайдан суранып келатат, азырынча андан жыйынтык чыкканы тууралуу маалымат таратыла элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG