Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

Бишкекте милиция имамдарды шайлоодо үгүт иштерине аралашпоого чакырды


Бишкектеги борбордук мечит. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги борбордук мечит. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын кызматкерлери 2-декабрда борбордо жайгашкан мечиттердин биринде имамдар менен жолугушту. Жыйынга жалпысынан 71 мечиттин имамдары катышты.

Жолугушууда милиция 10-январга белгиленген өлкө башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болорун билдирип, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана мыйзам бузууга жол бербөө зарыл экенин эскертти. Мындан тышкары имамдарды шайлоо учурунда үгүт иштерине аралашпоого үндөдү. Ошондой эле диний экстеризмдин алдын алыш үчүн укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып барууга чакырды.

Жыйында Бишкектеги айрым мечиттердин документтери жок экендиги эскертилип, аны мыйзамдаштыруунун зарылчылыгы белгиленди. Мындан тышкары коронавирус илдети жайылып кетпеши үчүн намазга келген жарандардан санитардык эрежелерди сакташы талап кылынары эскертилди.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга дайындалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG