Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Франциянын мурдагы президенти Жискар д`Эстен каза болду


Валери Жискар д`Эстен.
Валери Жискар д`Эстен.

Франциянын мурдагы президенти Валери Жискар д`Эстен 94 жашында 2-декабрда коронавирустан көз жумду.

Жакында ал Тур шаарындагы ооруканага жаткырылган. Европалык интеграциянын архитекторунун бири, либерал президент мамлекеттин башында 1974-1981-жылдары турган.

Жискар д`Эстен Германиянын ошол кездеги канцлери Гелмут Шмидт менен бирге Европанын бирдиктүү валютасын киргизүүнүн пайдубалын түптөгөн.

Маркум бойдон алдырууга жана эки тараптын макулдугу менен ажырашууга мыйзам түрүндө уруксат берүү өңдүү либералдуу саясат жүргүзгөн, ири инфратүзүмдүк долбоорлорду баштаган саясатчы катары өлкө тарыхында калды.

1981-жылы социалист Франсуа Миттеранга утулуп калгандан кийин Жискар д`Эстен саясатка активдүү аралашып, көп жылдары Улуттук ассамблеянын, 1989-93-жылдары Европа парламентинин депутаты да болгон.

XS
SM
MD
LG