Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Байден башкы прокурорлукка Гарлендди дайындайт


Меррик Гарленд.
Меррик Гарленд.

АКШнын шайланган президенти Жо Байден 7-январда Меррик Гарлендди Кошмо Штаттардын кийинки башкы прокурорлугуна дайындай тургандыгын билдирди.

Вашингтондогу федералдык сотунун судьясы Гарлендди 2016-жылы президент Барак Обама Жогорку соттогу бошогон орунга көрсөткөн. Бирок Сенаттагы республикачылар буга каршы чыгышкан.

68 жаштагы Гарленд бир да саясий партия менен байланышта эмес.

1993-жылы ал АКШнын Юстиция министрлигинде башкы прокурордун жардамчысы болгон. Бул кызматта ал улуттук коопсуздук боюнча бир катар иштерди, анын ичинде Атланта менен Оклахома-Ситидеги Олимпиада оюндарындагы жардырууларды да иликтеген.

1997-жылы президент Билл Клинтон Гарлендди АКШнын баш калаасындагы Федералдык апелляциялык сотко жиберген. Ал 2013-жылы бул соттун төрагасы болгон.

Жо Байдендин 3-ноябрдагы шайлоодо жеңип чыкканы АКШнын Конгрессинин жыйынында 7-январда бекитилди. Эми Байден 20-январдан тартып президенттикке расмий киришет.

XS
SM
MD
LG