Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Кыргызстанда Жетим-Тоону коргоо кыймылы түзүлдү


Жетим-Тоону коргоо кыймылынын мүчөлөрү.
Жетим-Тоону коргоо кыймылынын мүчөлөрү.

Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин коргоо кыймылы түзүлгөнүн активист Тилекмат Кудайбергенов 20-декабрда «Азаттыкка» билдирди. Ал өзү кыймылдын төрагасы болуп шайланганын кошумчалады.

Кудайбергеновдун айтымында, аталган кыймыл Жетим-Тоону чет элдик ишкерлерге колдонууга бербөөнү жана экологияны сактоону талап кылат. Активисттер ушул күндөрү Нарынга барып, жергиликтүү эл менен жолугушуп келген.

Бир нече кишиден турган топ 18-декабрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Жетим-Тоого байланыштуу акция да өткөргөн.

Ага чейин, 17-декабрда Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев "Кабар" агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Кыргызстан 2021-жылы Жетим-Тоо кенин өз алдынча иштете баштай турганын билдирген.

Анын маалыматына караганда, азыр кен мамлекеттин карамагында. Жетим-Тоодо темирдин 3 миллиард тоннадан ашык запасы бар жана дүйнөдөгү темир кендердин ичинде экинчи орунду ээлейт.

Коомдук-саясий чөйрөдө «Жетим-Тоодогу темир кенин тышкы карыздардан кутулуш үчүн өкмөт кошуна мамлекетке берет» деген кеп көптөн бери айтылып келет.

Өткөн жумада президенттик аппарат мындай жоромолдорду кескин төгүндөп, кен мамлекеттин менчиги экенин билдирген.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурдагы басма сөз жыйындарынын биринде Жетим-Тоо темир кени чет мамлекеттерге берилбей турганын, аны Кыргызстан өзү иштетерин айткан.

2020-жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын мамлекеттин жалпы карызы 4, 827 млрд. долларды түзгөн. Анын 646 млн. доллары ички карыз, 4,180 млрд. доллар тышкы карыз. Мунун 1,778 млрд. доллары - Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан (Эксимбанк) алынган насыя үчүн төлөнчү карыз. (NT)

XS
SM
MD
LG