Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

Европадагы чектөөдөн улам чек араларда тыгын пайда болду


Хорватия-Босния чек арасы
Хорватия-Босния чек арасы

Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөргө карабай Европанын түштүк-чыгышындагы Словения менен Хорватиянын, Венгрия менен Сербиянын чек арасында автоунаалардын узун кезеги пайда болду. "Associated Press" агенттиги муну Рождество жана жаңы жылдын алдында каникулдарга байланыштырды. Маалыматка ылайык, Түркиянын, Македониянын, Косовонун жана Босниянын көптөгөн жарандары Батыш Европа өлкөлөрүндө иштешет. Алар майрамдардын алдында мекенине кайтышат.

Хорватиянын HRT телеканалы 19-декабрда хорват-босния чек арасында бир нече чакырымга созулган кезек жаралганын кабарлады. Сербиялык маалымат каражаттары да өлкөнүн Венгрия менен чек арасында дал ушундөй көрүнүш кайталанып жатканын жазып чыкты. Акыркы суткада эки өлкөнүн ортосунда чек арадан 16 миңден ашык адам өткөн.

Балкандагы өлкөлөр акыркы күндөрү коронавирусту жугузган адамдар көбөйүп жатканын жана ооруканалар толуп калганын кабарлашууда.

XS
SM
MD
LG