Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Казакстан, Өзбекстан жана АКШ «Борбор Азия инвестициялык өнөктөштүгүн» түздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

7-январда Казакстан, Өзбекстан жана АКШ «Борбор Азия инвестициялык өнөктөштүгү» түзүлөрүн жарыялашты.

Демилге Борбор Азия чөлкөмүндө жеке сектордун өсүшүнө жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзгөн долбоорлорду колдойт.

Беш жыл ичинде Казакстан, Өзбекстан жана АКШ тарабынан 500 миллион долларлык инвестиция тартылмакчы. Бул тууралуу «Азаттыкка» АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча финансы корпорациясынын (DFC) башкы директору Адам Бойлер билдирди.

Борбор Азия инвестициялык өнөктөштүгү C5 + 1 платформасы аркылуу иштейт жана Борбор Азиянын, атап айтканда Казакстан менен Өзбекстандын экономикалык өнүгүүсүнө салым кошот, ошондой эле чөлкөмдөгү коронавирус пандемиясынын экономикалык кесепеттерин жоюуга көмөктөшөт.

Келишимге кол коюу үчүн Нур-Султанга жөнөп жаткан Бойлердин айтымында, DFC саламаттык сактоо, калыбына келүүчү энергия булактары, айыл чарбасы, жеке секторго жардам берүү, айрыкча аялдардын ишкердигин чакан насыялар аркылуу колдоо сыяктуу бир катар тармактарга басым жасайт.

XS
SM
MD
LG