Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:48

ИИМ Түркия мурда Инандыны өткөрүп берүүнү суранганын билдирди


"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылгандардын митинги. Архивдик сүрөт.

Дайынсыз болуп жаткан “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды Кыргызстандын чек арасы аркылуу чет өлкөгө чыккан эмес. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 16-июнда Жогорку Кеңеште Инандыны издөө иштери боюнча маалымат берип жатып айтты.

Анын сөзүнө караганда, мындан тышкары Түркия, Грузия, Казакстан, Чехия, Испания, Румыния жана Ооганстан өлкөлөрүнөн да Орхан Инанды чек арадан өтпөгөнү тууралуу маалымат келди. Кыргызстан бул мамлекеттерге Интерпол аркылуу багыттама берген.

Нурбек Абдиев Түркия буга чейин Орхан Инандыны өткөрүп берүү өтүнүчү менен Кыргызстанга кайрылганын ырастады. Бирок ал качан болгонун тактаган жок.

“Түркияда бул жаран “ФЕТӨ/FETO (ред: Түркиянын бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) кылмыштуу уюмуна мүчө катары издөөдө жүргөнү” жөнүндө бизге кагаздар келген. Ал Кыргызстандын жараны деген негизде Түркияга берилген эмес. Андан сырткары Түркиянын бир нече жаранына “ФЕТӨ террористтик уюмуна мүчө болуп турат. Аларды бизге бергиле” деген кагаздар келет. Ал боюнча биз убагында Башкы прокуратурага кайрылганбыз”.

Орхан Инанды Кыргызстанда 16 “Сапат” лицейин, эл аралык “Ала Тоо” университетин, “Силк Роад” мектебин жана төрт толук эмес жалпы билим берүү мектебин түптөгөн адамдардын бири. Ал 31-майдан бери дайынсыз болууда. Милиция бул факт боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.

Теги түркиялык мугалим 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Ошол эле кезде Түркиянын да жарандыгынан чыккан эмес.

Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети үчүн АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди жана анын “Хизмет” кыймылын айыптап келет. Гүлен жана анын тарапташтары мындай дооматтарды четке кагышкан.

2018-жылы түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткенден кийин түркиялык "Хүрриет" басылмасы Анкара кыргыз бийлигине Фетхуллах Гүлендин кыймылынын 130 мүчөсүнүн тизмесин берип, аларды дароо өткөрүп берүү талабын койгонун жазган. Кыргыз тарап аны ырастаган эмес. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG