Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:12

Бүгүн Кыргызстанга “Спутник V” вакцинасынын 80 миң дозасы келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 17-июнда, Кыргызстанга “Спутник V“ вакцинасынын 80 миң дозасы келет. 40 миң кишиге эсептелген Орусиянын препаратын сатып алууга мамлекеттик бюджеттен акча бөлүндү. Бул тууралуу "Азаттыкка" министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

“Бүгүн Орусиядан “Спутник V” вакцинасы келет. Мындан тышкары Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы 20-июнда келиши күтүлүүдө”, - деди Бакашова.

Ушул күндөрү Кыргызстанда 90 миңден ашык киши эмдөөдөн өттү. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулду.

Буга чейин эл аралык COVAX программасынын алкагында Astra Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы келери да маалымдалган.

Андан тышкары, Кыргызстан Дүйнөлүк банк берген 20 миллион доллардын 17 миллионуна 1 миллион доза вакцина сатып алганы жатат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG