Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Байден менен Путиндин жолугушуусу башталды


Женева. 16-июнь, 2021-жыл.
Женева. 16-июнь, 2021-жыл.

Женевада Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусу башталды. Эки лидердин сүйлөшүүсү 4-5 саатка созулары күтүлүп жатат. Бул - Байден президент болуп шайлангандан бери эки жетекчинин алгачкы кездешүүсү.

Расмий маалыматтарга караганда, Байден менен Путин алгач АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун катышуусунда чакан чөйрөдө сүйлөшөт, андан соң кеңейтилген форматка өтүшөт.

Жолугушуудан кийин биргелешкен басма сөз жыйын уюштурулбайт. Анын ордуна эки лидер журналисттердин суроолоруна ар кимиси өз алдынча жооп беришет.

Эки президенттин кездешүүсү эки державанын мамилелери “кансыз согуш доорундагы” абалга кайтышы мүмкүн деген коркунуч жаралган кыйын маалга туш келди.

Вашингтон менен Москванын ортосунда Навальныйдын камалышы, орусиялык делген хакерлердин киберчабуулуна байланыштуу пикир келишпестиктер пайда болгон. Орусия ал чабуулга тиешеси жоктугун айтып, "ички иштерине, анын ичинде Навальныйдын өкүмүнө кийлигишип жатат" деп АКШны айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG