Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Кинорежиссёр жана сценарист Самир Жапаров дүйнө салды


Самир Жапаров.
Самир Жапаров.

Кыргызстандык кинорежиссёр жана сценарист Самир Жапаров катуу оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу 16-июнда Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Жапаров 10-июнда 68 жаш курагында каза тапты.

Самир Жапаров кыска метраждуу жана даректүү фильмдердин автору болгон. Анын "Космонавттын көчмөнү" аттуу тасмасы бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган.

1984-жылы аталган тасма “Оскар” сыйлыгына номинант болгон. 1984-жылы АКШнын Киноакадемиясынын "Алтын Бүркүт" атайын сыйлыгын, 1983-1984-жылдары Германияда жана Испанияда өткөн бир катар эл аралык кинофестивалдарда Гран-при алган.

Жапаров Кинематография боюнча бүткүл орусиялык мамлекеттик институтту (ВГИК) аяктаган, легендарлуу советтик кино ишмери Роман Кармендин шакирти болгон. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG