Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды облус башчылары талкуулашты


Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.
Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.

Бүгүн 16-июнда Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Исфара райондору чектешкен тилкеде чек аралаш облустардын башчыларынын жолугушуусу өттү.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин Баткендеги өкүлчүлүгү кабарлагандай, жолугушууга Баткендин жетекчиси Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода жетектеген делегациялар катышты.

Жолугушууда чек арадагы айылдардагы соңку апта ичиндеги кырдаал талкууланып, коңшу эки эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чагымчыл маалыматтарды таратпоо, чек арада маселе жаралса тийиштүү кызматтардын ыкчам аракет көрүүсү, жергиликтүү тургундардын коопсуздугу тууралуу сөз жүрдү.

Облус башчылары ушундай эле эки тараптуу жолугушууну айдын соңку күндөрүнө да өткөрүүнү макулдашышты.

28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү 2002-жылы башталган, азыркыга чейин ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган. Чек ара такталбаган жерлерде жер жана суу талаш окуялары улам катталып турат. (JsA)

XS
SM
MD
LG