Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Аймактык шайлоо комиссиясы үгүт учурунда мыйзамды сактоого чакырды


Кыргызстан, 11-апрелдеги шайлоо.
Кыргызстан, 11-апрелдеги шайлоо.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шаардык кеңешке депутаттарга карылып, шайлоодо талапкерлер алдын ала үгүт иштерин баштап, белгиленген эрежелерди бузуп, мыйзамга каршы иш аракеттерди жасабоого чакырды.

"Мыйзамсыз иштердин башында талапкерлердин жакыны, өкүлү, саясий партиянын мүчөсү жергиликтүү кеңешти шайлоо мөөнөтү аныкталгандан тарта шайлоо бүтүп, жыйынтык чыккыча кайрымдуулук иштерин жасаганга болбойт. Агитациялык маалымат материалдарынан тышкары акысыз буюм таратууга болбойт", - деген билдирүү таратып, үгүт мөөнөтү тууралуу кеңири маалымат берди.

Былтыр апрелде Кыргызстанда беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болмок, бирок коронавируска байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк убактылуу токтотулган.

Февраль айында Ош, Токмок жана Каракол шаарларына жакын аймактарда адамдардын жапырт каттоого турушу байкалган. Муну шайлоого катышууну пландаган айрым саясий партиялар добуш сатып алуу үчүн уюштурганы айтылган. Башкы прокуратура сотко чейинки териштирүү баштаган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бул шаарларда кайра шайлоо 11-июлда өтөт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG