Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

COVID-19: Миңге чукул дарыгерге кенемте төлөнө элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирусту жумуш учурунда жугузуп алган 1 миңге жакын медицина кызматкери мамлекет убада кылган кенемтени ала албай, кезекте турат. Бул тууралуу 17-июнда парламентте айтылды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаевдин айтымында, 965 дарыгердин арызын атайын комиссия карап жатат:

“Быйылкы жылга 243 миллион сом бөлүнгөн. Анын 42 миллион 400 миң сому былтыркы жылдан калган 212 ооруп чыккан медицина кызматкеринин 173үнө төлөндү. Азыр 965 адамдын акчасы төлөнө элек, комиссия карап жатат”.

17-июнда Жогорку Кеңеште мамлекеттик бюджеттик резервден коронавирус жуккан дарыгерлердин кенемтеси үчүн 600 миллион сом бөлүү маселеси каралды.

Кыргызстанда коронавирус 5 миңдей медицина кызматкерине жукту, алардын жүздөн ашууну каза болду.

2020-жылдын жайында өкмөт каза болгон медкызматкерлердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон, ооруну жугузуп алгандарга 200 миң сомдон төлөп берүү тууралуу токтом чыгарган. Быйыл январдан тартып 200 миңдик компенсациянын ордуна айлык акынын 15 эселик суммасы төлөнөрү тууралуу чечим чыккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG