Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:28

Парламент өкмөттүн кризиске каршы маалыматын угууда


Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

Бүгүн, 17-июнда, Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин кризиске каршы программасын жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууда жаралган көйгөй боюнча маалыматын угуп жатат.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышып, учурда сугат суудан тышкары азык-түлүк коопсуздугу, кышка даярдык, электр энергиясынын тарифтери боюнча талкуулана турган маселелер бар экенин айтты. Сугат суу боюнча абал оор экенин, көйгөйдү чечүү багытында иш жасалганына карабастан маселе бар экенине токтолду.

Бүгүн парламентте Мариповго ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлгөн. Депутаттар сугат суу тартыш болуп, дыйкандардын чарбасы күйүп жатканын, азык-түлүктүн баасы күн сайын өсүп баратканын айтып, суроолорго Мариповдун өзү жооп беришин талап кылышкан. Эгерде ишти жөндөй албаса аны кызматтан кетирүү сунушу да айтылган.

Агрардык комитеттин жыйынында да анын дарегине кескин сын айтылган.

Марипов кызматтан кетүүгө жана айтылып жаткан көйгөйлөр үчүн жоопкерчилик алууга даяр экенин билдирген, бирок “Бири-бирибизди чукулап, кызматтан алуудан маселе чечилбейт” деп айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG