Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

Бабановго үй-бүлөсү менен жолукканга уруксат берилди


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.


"Кумтөр иши" боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго үй-бүлөсү менен жолукканга уруксат берилди.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Бабановдун адвокаты Амантур Абдырахманов кабарлады.

"Буга чейин ишти тергеген тарап Бабановго жакындары менен көрүшкөнгө уруксат бербей, биз арыз менен кайрылган элек. Бүгүн биздин өтүнүч канааттандырылды. Аялы менен уулу ага жолугуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду".

Бабанов учурда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурат. Ал 31-майда “Кумтөр иши” боюнча УКМКга суракка баргандан кийин кармалган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-июлга чейин камалган.

2011-2012-жылы премьер-министр болуп турган Бабанов өзүнө козголгон кылмыш ишин “абсурд” деп атаган. Атайын кызмат ага тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде иш козголгонун билдирген.

Адвокат Амантур Абдрахманов 8-июнда Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасына байланыштуу Бишкек шаардык сотко даттанган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG