Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

18-июндун аба ырайы


Сары-Челек.
Сары-Челек.

18-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаайт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 28…33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градус ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 19…21° градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG