Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынан дагы 80 миң доза келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга Орусиядан коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынан дагы 80 миң доза келди. Бул тууралуу 17-июнда парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.

Анын айтымында, 20-июндан кийин Кытайдан дагы 150 миң доза Sinopharm вакцинасы келет.

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө быйыл март айынын соңунда башталган. 20 миң "Спутник V", 75 миң Sinopharm келген. Вакцина каалоочуларга акысыз негизде сайылууда.

Июнь айында Asrta Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы COVAX программасынын алкагында келери айтылган.

Кыргызстанда коронавирус катталган 2020-жылдын март айынан бери, расмий эсеп боюнча, 1900дөн ашуун киши илдеттин курмандыгы болду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG