Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Ат-Башы: келинин өлтүрүүгө шектелген кайнага өз жанын кыйды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ат-Башы районунда 16-июнда 38 жаштагы келиндин сөөгү райондун борборунан алыс эмес "Дамбы" тилкесинде табылды.

Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, келинди өлтүрүүгө шектелген 1971-жылы төрөлгөн кайнагасынын сөөгү да ошол эле күнү даракта асылып турган жеринен жергиликтүү тургун тапкан.

Келиндин күйөөсү аялы дайынсыз болуп жатканын айтып, 15-июнда райондук милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Милиция издөө иштерин баштаган.

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө жана ыкчам иликтөө кызматтарынын алдын ала болжолдуу иликтөөлөрүнө ылайык, келинди бир тууган кайын агасы таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүрүп, андан соң, өз жанын кыйган.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр суралды. Окуянын чоо-жайын териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстанда бул кыздардын өмүрүнө кол салган биринчи учур эмес.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде 27 жаштагы Айзада Канатбекова никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалып, зордукталып өлтүрүлгөн. Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев Айзада Канатбекованы футболка менен муунтуп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирген.

4-июнда Таласта 18 жаштагы кыз киши колдуу болуп, аны атып өлтүргөн 19 жаштагы жигит асынып каза болгон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG