Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:08

Жалал-Абадда “Кыргыз жараны” концепциясы боюнча жыйындар өтүүдө


"Кыргыз жараны" концепциясы Жалал-Абадда талкууланууда.
"Кыргыз жараны" концепциясы Жалал-Абадда талкууланууда.

Улут аралык мамиле боюнча мамлекеттик саясатты жакшыртууга багытталган “Кыргыз жараны” концепциясынын максаттарын жана багыттарын элге жеткирүү иш-чаралары бул күндөрү Жалал-Абад облусунда жүрүп жатат.

16-17-июнь күндөрү жолугушуулар Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон жана Кочкор-Ата шаарларында өттү. Аларга облуста жашаган ар улуттун өкүлдөрү катышып, жарандык алуу, өзбек тилинде окуткан мектептерде кыргыз тили сабактарын жакшыртуу, окуу китептери менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.

2021-2026-жылдарга карата “Кыргыз жараны” концепциясын бекиткенин президент Садыр Жапаров 2020-жылдын ноябрь айында Бишкекте «Бирдиктүү улут – өнүккөн өлкө» форумунда сүйлөп жатып айткан. Документти ал “кыргыз жараны деп өзүн таануу концепциясы” деп мүнөздөгөн жана 2010-жылдын июнундагы каргашалуу окуя этникалык чөйрөдөгү мамлекеттик саясатта коркунучтар бар экенин көрсөткөнүн билдирген.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 100дөн ашуун этнос жашайт, анын ичинен кыргыздар 73% түзөт.

“Кыргыз жараны” концепциясын элге түшүндүргөн жолугушуулар буга чейин Бишкекте, Ошто өткөн.

2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад жана Ош облустарында улут аралык жаңжалдан 400дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG