Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Депутат Бекешев электр энергиясынын тарифин көтөрбөй турууну сунуштады


Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

Парламент депутаты Дастан Бекешев өлкөдө кымбатчылык өкүм сүрүп турган учурда электр энергиясынын баасын көтөрбөй турууну сунуштады. Ал мындай пикирин 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

“Мына, августта электр энергиясынын кымбаттаган жаңы тариф саясаты күчүнө киргени жатат. Бирок элдин кирешеси мурункудан жылбай турса, айлык көтөрүлбөсө, кымбат бааны эл кантип төлөйт. Уурдоо башталышы мүмкүн. Ошондуктан жаңы тарифтин ишке киришин алты айга жылдырып турууну туура көрөм”, - деди Бекешев.

Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Марипов электр энергиясынын социалдык тарифин кайра карап чыгууга даяр экенин билдирди. Бирок өнөр жай, майнинг фермалары үчүн тариф кымбаттай турганын белгиледи.

“2021-2025-жылдарга карата Электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" Министрлер кабинетинин токтому 15-июнда коомдук талкууга коюлган.

Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептелинет. Эгер абонент бир айда 1000 кВт/сааттан ашык электр энергиясын жакса, андан аркы баа 2 сом 52 тыйындан саналат.

Учурда Кыргызстанда элге электр энергиясы 1 кВт/саат үчүн 77 тыйындан берилип жатат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG