Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов.

Өлкөдөгү кризис: парламент өкмөттүн маалыматын укту

Бүгүн, 17-июнда, Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин кризиске каршы программасын жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууда жаралган көйгөй боюнча маалыматын укту.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышып, учурда сугат суудан тышкары азык-түлүк коопсуздугу, кышка даярдык, электр энергиясынын тарифтери боюнча талкуулана турган маселелер бар экенин айтты. Сугат суу боюнча абал оор экенин, көйгөйдү чечүү багытында иш жасалганына карабастан, маселе бар экенине токтолду.

Түшкө чейин парламент жыйынына Марипов келген эмес. Өлкөдөгү акыркы маселелерди талкуулаган депутаттар ага ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүшкөн. Алар сугат суу тартыш болуп, дыйкандардын чарбасы күйүп жатканын, азык-түлүктүн баасы күн сайын өсүп баратканын айтып, суроолорго өкмөт башчынын өзү жооп беришин талап кылышкан. Эгерде ишти жөндөй албаса аны кызматтан кетирүү сунушу да айтылган.

Сессия соңунда депутаттар кандайдыр бир жыйынтыктоочу документ кабыл алышкан жок. Айтылган сын-пикирлерди эске алууну Мариповго айтып, ийгилик каалашты. Ал эске алууга аракет кылам деп жооп кайтарды.

20:42 17.6.2021

19:14 17.6.2021

Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Марипов кадр дайындоодо парламент депутаттары кийлигишип жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу ал 17-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Бардык маселеге Министрлер кабиненети күнөөлүү. Бирок кадр маселесине келгенде кийгилишпегиле. Таарынычтар ушундай чыгып жатат. Мына депутат Бактыбек Райымкулов бир кишисин Чүйдүн Панфилов районунун акиминин биринчи орун басары кылып дайындап бер деди. Бирок колуман келген жок. Айрым депутаттар капиталдык салымдарды чечип бер деп жатат”, - деди Марипов.

Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” депутаты Бактыбек Райымкулов бул маселе менен Мариповго телефон чалганын бышыктады. Бирок ал Мариповду кадр маселесинен биринчи сугат, кымбатчылык көйгөйүн чечүүнү талап кылды.

Бир катар депутаттар дагы Мариповдун "сырттан кадр дайындоого кийлигишет" деген сөзүн сындап чыгышты.

Министрлер кабинетиндеги соңку кадрдык жүрүштөр социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган.

18:49 17.6.2021

Парламент депутаты Дастан Бекешев өлкөдө кымбатчылык өкүп сүрүп турган учурда электр энергиясынын баасын көтөрбөй турууну сунуштады. Ал мындай пикирин 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

“Мына, августта электр энергиясынын кымбаттаган жаңы тариф саясаты күчүнө киргени жатат. Бирок элдин кирешеси мурункудан жылбай турса, айлык көтөрүлбөсө, кымбат бааны эл кантип төлөйт. Уурдоо башталышы мүмкүн. Ошондуктан жаңы тарифтин ишке киришин алты айга жылдырып турууну туура көрөм”, - деди Бекешев.

Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Марипов электр энергиясынын социалдык тарифин кайра карап чыгууга даяр экенин билдирди. Бирок өнөр жай, майнинг фермалары үчүн тариф кымбаттай турганын белгиледи.

“2021-2025-жылдарга карата Электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" Министрлер кабинетинин токтому 15-июнда коомдук талкууга коюлган.

Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептелинет. Эгер абонент бир айда 1000 кВт/сааттан ашык электр энергиясын жакса, андан аркы баа 2 сом 52 тыйындан саналат.

Учурда Кыргызстанда элге электр энергиясы 1 кВт/саат үчүн 77 тыйындан берилип жатат.

18:26 17.6.2021

Президент Садыр Жапаровдун өлкөнү өнүктүрүүнүн беш жылдык стратегиясы даярдалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Ушул жылдын аягына чейинки антикризистик программаны даярдаганбыз. Бирок аны бекитпей, токтоп турганыбыздын себеби, президенттин өнүктүрүү стратегиясы даярдалып жатат. Ошонун негизинде биз планды бекитебиз”, - деди Марипов.

Ушул тапта парламент Министрлер кабинетинин кризиске каршы программасын жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууда жаралган көйгөй боюнча маалыматын угуп жатат.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG