Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

Талипованын өлүмүнө катыштыгы бар делген жаран үй камагына бошотулду 


Nuraiym Talipova / Kyrgyzstan
Nuraiym Talipova / Kyrgyzstan

4-июнда, Таласта октон мерт болгон Нурайым Талипованын өлүмүнө катыштыгы бар делген жаран 6-июнда үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу "Азатыкка" Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Р. Н. атуу жаран Нурайым Талипованын өлүмүнө катыштыгы бар деген шек менен Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Райондук сот анын бөгөт чарасын 6-июнда карап, үй камагына чыгарган. Учурда бул кылмышты тергеп-иликтөө уланып жатат.

Таласта Жаңы-Жер айылынын 18 жаштагы тургуну Нурайым Талипованын сөөгү 4-июнда айыл четиндеги унаадан табылган. Аны атып өлтүрүүгө шектелген коңшу Кара-Суу айылынын 19 жаштагы тургунуна (А.Т.) издөө жарыяланган. Анын сөөгү 5-июнда асылган абалда табылган.

Кыргызстанда бул кыздардын өмүрүнө кол салган алгачкы учур эмес. Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде 27 жаштагы Айзада Канатбекова никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалып, зордукталып өлтүрүлгөн. Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев Айзада Канатбекованы футболка менен муунтуп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирген. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG