Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:55

"Бишкек менен Ашхабад өз ара кызматташууга муктаж эмес"


Чынара Эсенгул

Талдоочу Чынара Эсенгул президент Садыр Жапаровдун Ашхабадга сапары, кыргыз-түркмөн мамилеси тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

Садыр ЖапаровТүркмөнстанга расмий сапар менен 27-июнда барды. Ошол эле күнү кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземине, экспорттук товарлардын көргөзмөсүнө катышты. 28-июнда президент Гурбангулы Бердимухаммедов менен жолугушту. Анда эл аралык жана регионалдык темаларда сүйлөшөрү кабарланды. Садыр Жапаров андан ары Тажикстанга расмий сапарга жөнөйт.

- Президенттин сапарынын натыйжасында, Бишкек менен Ашхабаддын ортосундагы карым-катыш ар кайсыл багыттарда күчтөнүшү мүмкүн. Бирок сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн коопсуздук, Ооганстандагы жагдай жана суу маселеси түзөт деп боолгоп турам. Суу демекчи, экономикалык ресурсту башкаруу деген түшүнүк бар эмеспи. Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин айрымдары суунун башында, кээ бирлери ылдый жагында жайгашкан. Суу дипломатиясы жаатында Түркмөнстандын ролу маанилүү. Алар Ооганстанга кетчү сууну көзөмөлдөйт. Ушул маселеде Кыргызстан так позиция менен сүйлөшүүгө тийиш.

Эки президенттин жолугушуусунда газ маселеси тууралуу да кеп козголушу ыктымал. Газ жагынан алганда Түркмөнстандын Кытай менен мамилеси жакын. Бээжиндин акчасы менен бир канча газ түтүктөрү салынган. Кийинчерээк газ боюнча Түркмөнстандын чөлкөмдөгү ролу маанилүү болот.

Расмий сапардын алкагында балким миграция маселеси да козголушу мүмкүн. Түркмөн жарандары Борбор Азия чөлкөмүндөгү башка мамлекеттерде миграцияда жүргөнү да жашыруун эмес. Бирок бул багытта Түркмөнстан маалыматтарды ачык айтпайт.

- Буга чейинки кыргыз президенттери деле Түркмөнстанга барышкан. Түркмөн президенти да Кыргызстанга келип кеткен. Бишкек менен Ашхабаддын ортосундагы алаканы кандай бааласак болот жана мындан аркы кызматташтык кандай нукта жүрүшү керек?

- Кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатат, жакшы жылыштар бар деп айтуудан алысмын. Мунун негизиги себеби, Түркмөнстан тышкы саясатында эч ким менен өтө жакын мамиледе болбогон турумду карманып келгенинде. Андан тышкары, чек араларыбыз да чектешпейт. Геосаясат, коопсуздук жаатында балким мурда кеңешүүлөр болгон чыгаар. 1990-жылдары Ооганстанда талибдер бийликке келген кезде Түркмөнстан Борбор Азиядагы мамлекеттерден айырмаланып, талибдердин бийлигин тааныган.

Мындан аркы кызматташтык жөнүндө айта турган болсом, албетте мамилени чыңдай бериш керек. Ар тараптуу сүйлөшүүлөр, кызматташуулар болууга тийиш. Ошентсе да, Кыргызстан менен Түркмөнстан бири-бирине көз каранды, кызматташууга өтө муктаж деп айта албайм.

- Президент Садыр Жапаров 28-июнда Түркмөнстандан ары Тажикстанга расмий сапар жасаганы турат. Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалды эске алганда, Ашхабаддагы сүйлөшүүлөрдө Бишкек менен Дүйшөмбүнүн мамилеси жөнүндө кеп козголушу мүмкүнбү? Же түркмөн бийлигин бул маселе кызыктырбайбы?

-Менимче, кыргыз-тажик мамилеси жөнүндө сөз деле болбойт. Ашхабад Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө эмес, деги эле эч кандай эл аралык альянстарга мүчө эмес. Анткени, 1995-жылы бул мамлекет БУУнун алкагында нейтралдуу позициядагы макамын бекитип алган. Андыктан, эки мамлекеттин ортосундагы талаштарга арачы болууга, башкалардын мамилесинин жанданышына салым кошууга аракет кылбайт же башка маанайда пикир билдирбейт деле.

Бирок эки президент кезиккенде коопсуздук темасы, Ооганстандагы жагдай сөзсүз көтөрүлөт. Ооган жергесинен АКШ аскерлери толук чыгып кете электе эмне болуп жатканын көрүп турбайбызбы. Өкмөт күчтөрү менен талибдердин салгылашы күчөдү. Ал эми Ооганстан Борбор Азиядагы үч мамлекет менен чектешет. Андыктан бул тема өтө маанилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG