Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:19

Ат-Башы: бийликтин эки анжы кылган сунушу


Торугарттагы өткөрмө бекет. Нарын, Ат-Башы району. 2021-жыл.

Ат-Башыга мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда салуу пландалып, бирок элдин нааразылыгынан улам ишке ашпай калган соода- логистикалык борборду курууну жаңы бийлик да сунуштап чыкты.

Бул маселе 18-июнда президент Садыр Жапаровдун Нарынга жасаган сапарында эл менен талкууланды. Жаңы бийлик сунуштаган логистикалык борбордун долбоору мурдагыдан кандай айырмаланат?

Чет элдик инвесторлор Ат-Башыга индустриалдык соода-логистикалык борбор салууга даяр экенин президент Садыр Жапаров 18-июнда Ат-Башы районунун жашоочулары менен жолугушканда билдирди:

"Менин жеке оюм - бул жерде салсак туура болмок. Анткени, бүтүндөй Нарын облусун ушул бир эле логистикалык борбор багып коймок. Эгерде бул салынып калса, 25 миңден 30 миңге чейин жумушчу орун пайда болот экен".

Президент эгер атбашылыктар таптакыр эле каршы чыгышса, анда соода-логистикалык борборду башка аймакка куруу маселеси каралышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

Ири индустриалдык соода-логистикалык борбору курула турган жер Ат-Башы районунан 40 чакырым алыстыктагы, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Торугарт" өткөрмө бекетине бараткан жолдун боюнда жайгашкан.

Өкмөттүн Ат-Башыда, кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрмө бекетинин жанына бажы көзөмөлүн жакшыртуу жана аймактын тышкы экономикалык байланыштарын өркүндөтүү максатында логистика борборун куруу тууралуу токтому 2016-жылы декабрь айында чыккан.

Борборду 2019-жылы «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» ишканасы 280 миллион доллар сарптап курмай болгон. Бирок жергиликтүү элдин каршылыгынан кийин бул долбоор ишке ашпай калганы былтыр 17-февралда жарыяланган. Ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев борбор курулбай калышына «нарындыктарга сырттан таңууланган, алардын кызыкчылыгына каршы келген пикирлер себеп болгонун» айткан.

Ал эми курулушка каршы чыккандар логистикалык борбор үчүн ижарага берилген аймак жайыт экенин белгилеп, кийин ал Кытайга биротоло өтүп кетиши ыктымал деген чочулоосун билдиришкен.

2019-жылы логистикалык борборду курмакчы болгон «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат.

Ал эми азыр логистикалык борборду курууга кызыктар ишкерлер ким экени айтыла элек.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министрлигинин экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Нурлан Ариповдун айтымында, эми кайра салуу пландалып жаткан комплекстин курулушу качан башталары, канча каражат жумшалып, канча киреше түшөрү инвестор аныкталгандан кийин белгилүү болот.

Борбор Евразия экономикалык биримдигине товар чыгара турган кытайлык инвесторлорго же Кытайды көздөгөн европалык инвесторлорго кызык болорун айтты.

"Бул айыл чарба продукциясы гана эмес, кийим тигүү, тиричилик техникалары болушу мүмкүн. Эмнеге дегенде, биз бүгүн чийки заттардын бардыгын Кытайдан алабыз. Мисалы, кийим тигүү тармагына керектүү нерселердин бардыгы келет. Андыктан Кытайдан чийки каражаттарды алып келип, Кыргызстанда чогултуп, ЕАЭБдин алкагында сатсак болот. Бирок Кытайда айыл чарба продукцияларына талап аябай жогору. ЕАЭБдин алкагында Беларус сүт өндүрүүдө алдыда. Ошону Ат-Башыга тартып сүт, май, сыр чыгарып, Кытайга экспорттосок болот".

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министрлиги Ат-Башынын тургундары макул болбосо, логистикалык борборду Алайга курса болорун белгилейт.

"Ат-Башы жаштар биримдигинин" өкүлү Максат Алмакунов логистикалык борбордун курулушу боюнча элге азыркыга чейин толук маалымат бериле электигин айтты. Президенттин бул мүдөөсү тууралуу калың элдин кабары жок деген пикирде.

"Чакан бир айылга чогулуш жасады, жалпы Ат-Башы элине маалымат жеткен жок. Интернеттен угуп, билип жатабыз, ал жетишсиз, бурмаланып калышы мүмкүн. Мурунку бийликтин катасын кайталабайбыз десе, элге баарын ачык айтышы керек. Инвестордун атын атасын, канча чет өлкөлүк жаран келип иштерин, канчасы жергиликтүүлөр болору так айтылышы керек. Кандай пайдасы жана зыяны бар экенин айтышпаса, эл нааразы боло берет. Такыр эле салынбасын деген жокпуз. Карапайым элге маалыматты толук бербей туруп эле аларды душман көрүп күнөөлөй берген туура эмес".

Алмакунов жергиликтүү тургундар буга чейин эмнеге каршы чыкканын мындайча түшүндүрдү.

"Ошол кезде инвесторлор кимдер, канча жумуш оруну түзүлөт, кыргыздар иштейби деген суроолорго так жооп беришкен эмес. Биз ошого нааразы болгонбуз".

Кыргызстандык ишкер Айбек Сарыгул Түркияда логистикалык тармакта 25 жылдан бери ишкерлик менен алектенет. Анын фирмалары Түркиядан Кыргызстанга, Орусияга, Өзбекстанга жүк ташыйт. Айбек Сарыгул индустриалдык паркты Ат-Башыда куруу пайдасыз деген пикирде.

"Ат-Башыдагы Торугарттын ары жагында Кашкар бар. Кашкардын тегерегинде логистикалык борборлор көп салынган. Кашкардын жанында 500 гектар жерге Гуанжо шаарынын "Гуанжо сити" деген логистикалык борбору жана соода аймагы салынган. Сегиз жылдан бери иштебей бош турат. Анан ошол эле нерсени бери алып келип кургандын канчалык кажети бар? Хоргос менен Ат-Башыны салыштыруу мүмкүн эмес".

Айбек Сарыгул Торугарттан өткөн жүк бир гана Кыргызстанга келерин, ал эми Эркечтам аркылуу Кытайдан келген товарды башка өлкөлөргө чыгарып кетсе болорун кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Бексултан Мамбетов

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. Нарын педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүсү. Нарын мамлекеттик университетинде сырттан окуйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG